https://sputnik.kg/20260921/1103808554.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар индексацияланып, пенсионерлердин төлөмдөрү көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев... 21.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-21T13:00+0600
2026-09-21T13:00+0600
2026-09-21T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/15/1103808388_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fd72d33891c42ba6f019642afb5d59c4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар индексацияланып, пенсионерлердин төлөмдөрү көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу маселелер каралган аппараттык кеңешмеде билдирди. Маалыматка караганда, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет. Ал эми пенсиянын орточо өсүшү 1 753 сомду түзөт. Кеңешмеде пенсияларды 1-октябрдан тарта жогорулатууга даярдык көрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев пенсияларды белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөп берүү үчүн бардык зарыл иштерди аягына чыгарууну тапшырды.
Өлкөдө жумуш издеген жарандар үчүн актуалдуу бош орундарды табууга, ал эми иш берүүчүлөр үчүн вакансияларды жайгаштырууга мүмкүндүк берген Jumush.gov жана Find-ish санарип платформалары түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-сентябрда өткөн аппараттык кеңешмеде билдирди. Жыйында эмгек менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, жарандар үчүн жумуш издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Жаңы платформалар аркылуу жумуш издөөчүлөр өздөрүнө ылайыктуу иш таба алышат. Ал эми жумуш берүүчүлөр бош вакансиялары тууралуу маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, кеңешмеде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маселелер каралды.
Кыргызстанда тигилген аялдардын блузкаларына чет өлкөлөрдө суроо-талап өсүп жатат. Улуттук статистика комитети билдиргендей, быйыл январь-июль айларында өлкөдөн 1 миллион 368 миң даана блузка экспорттолгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өскөн. Тактап айтканда, 2025-жылдын январь-июль айларында экспорттолгон блузкалардын көлөмү 900 миң даанага да жеткен эмес. Кардар өлкөлөрдүн сап башында ЕАЭБ мүчөлөрү болгон Россия менен Казакстан турат. Бул мамлекеттер товардын 50 пайыздан көбүн, тагыраагы, 1 миллион 254 миң даана сатып алган. Ошондой эле кыз-келиндердин бул кийими Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытай, Грузия, БАЭ, АКШ, Германия, Польша, Канада, Чехия жана Португалияга экспорттолгон.
Россияда чет өлкөлүк жарандардын медициналык текшерүүдөн өтүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө кыскартылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкы адиси Гүлназ Исаева мындай талап 1-сентябрдан тарта күчүнө киргенин "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Анын айтымында, жаңы шарт Россияга иштөө же окуу үчүн келген, ошондой эле өлкөдө 90 күндөн ашык убакыт калууну пландаган чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү. Балдарга тиешеси жок. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы Россиянын бирдиктүү электрондук маалымат базасына киргизилет. Аталган базага РФ Ички иштер министрлиги, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) жана Саламаттык сактоо министрлиги кире алат. Текшерүүдөн белгиленген мөөнөттө өтпөгөндөргө да жоопкерчилик каралган. Исаеванын маалыматына караганда, айып пулдун өлчөмү 25 миң рублге чейин, ал эми мыйзам бузуу кайталанса 50 миң рублге чейин жетиши мүмкүн. Мындан тышкары, медициналык текшерүүдөн өз убагында өтпөө депортацияны шартташы мүмкүн.
1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар индексацияланып, пенсионерлердин төлөмдөрү көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу маселелер каралган аппараттык кеңешмеде билдирди. Маалыматка караганда, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет. Ал эми пенсиянын орточо өсүшү 1 753 сомду түзөт. Кеңешмеде пенсияларды 1-октябрдан тарта жогорулатууга даярдык көрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев пенсияларды белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөп берүү үчүн бардык зарыл иштерди аягына чыгарууну тапшырды.Өлкөдө жумуш издеген жарандар үчүн актуалдуу бош орундарды табууга, ал эми иш берүүчүлөр үчүн вакансияларды жайгаштырууга мүмкүндүк берген Jumush.gov жана Find-ish санарип платформалары түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-сентябрда өткөн аппараттык кеңешмеде билдирди. Жыйында эмгек менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, жарандар үчүн жумуш издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Жаңы платформалар аркылуу жумуш издөөчүлөр өздөрүнө ылайыктуу иш таба алышат. Ал эми жумуш берүүчүлөр бош вакансиялары тууралуу маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, кеңешмеде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маселелер каралды. Кыргызстанда тигилген аялдардын блузкаларына чет өлкөлөрдө суроо-талап өсүп жатат. Улуттук статистика комитети билдиргендей, быйыл январь-июль айларында өлкөдөн 1 миллион 368 миң даана блузка экспорттолгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өскөн. Тактап айтканда, 2025-жылдын январь-июль айларында экспорттолгон блузкалардын көлөмү 900 миң даанага да жеткен эмес. Кардар өлкөлөрдүн сап башында ЕАЭБ мүчөлөрү болгон Россия менен Казакстан турат. Бул мамлекеттер товардын 50 пайыздан көбүн, тагыраагы, 1 миллион 254 миң даана сатып алган. Ошондой эле кыз-келиндердин бул кийими Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытай, Грузия, БАЭ, АКШ, Германия, Польша, Канада, Чехия жана Португалияга экспорттолгон. Россияда чет өлкөлүк жарандардын медициналык текшерүүдөн өтүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө кыскартылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкы адиси Гүлназ Исаева мындай талап 1-сентябрдан тарта күчүнө киргенин "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Анын айтымында, жаңы шарт Россияга иштөө же окуу үчүн келген, ошондой эле өлкөдө 90 күндөн ашык убакыт калууну пландаган чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү. Балдарга тиешеси жок. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы Россиянын бирдиктүү электрондук маалымат базасына киргизилет. Аталган базага РФ Ички иштер министрлиги, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) жана Саламаттык сактоо министрлиги кире алат. Текшерүүдөн белгиленген мөөнөттө өтпөгөндөргө да жоопкерчилик каралган. Исаеванын маалыматына караганда, айып пулдун өлчөмү 25 миң рублге чейин, ал эми мыйзам бузуу кайталанса 50 миң рублге чейин жетиши мүмкүн. Мындан тышкары, медициналык текшерүүдөн өз убагында өтпөө депортацияны шартташы мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/15/1103808388_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f3a1a842ef23d087e08fb8034e831ba0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио