Инженер-архитектор: Нарындагы ата-энеме энергоэффективдүү үй куруп бердим
17:04 21.09.2026 (Жаңыртылды: 11:09 23.09.2026)

© Фото / Элдияр Асылбеков
Жазылуу
Климаттын өзгөрүшү энергоэффективдүү үй куруу талабын койду. Бул тууралуу “Стимул” уктуруусунда инженер-архитектор, ишкер Адилет Жеңишбеков айтып берди.
Адистин айтымында, глобалдык жылуулануу шартында үйдү жылуулоону гана эмес, салкындатууну дагы колго алуу керек. Курулуш тармагы өнүккөн көп өлкөлөр климаттын өзгөрүшү менен кайра тууралап курууга каражат коротууда. Кыргызстанда курулуш эми башталып жатат, ушул учурдан баштап туура куруп кетишибиз керек.
"Биз энергияны үнөмдөөнү эмес, өндүрүүнү гана сүйлөшүп жатабыз. Ошондуктан энергияны аз колдонгон үй курууну чечтик. Муну биринчи кардарларга сунуштасам баш тартышты. Анан Нарында ата-энеме от жакпаган система жасап берем деп жердин энергиясын пайдаланып, жер алдындагы жылуулук алмаштыргыч жолу менен үй салып бердим. Технологиясын колдо болгон жабдуулар менен эле колго жасап чыктык. Бул система менен кышында от жакпай эле чыгууга болот. Жайкы ысыкта бөлмө температурасы кондиционери жок эле +24 градустан өйдөлөгөн жок. Система абдан сонун иштеп жатат. Азыр кызыккандар барып көрүп келишүүдө. Бул энергоэффективдүү үй үчүн, жашыл технологияларды колдогонум үчүн, энергияны сарптоо жолдорун иштеп чыгып ишке ашырганым үчүн Экономика министрлигинен “Жашыл ишкер” сыйлыгын алдым”, — деди Жеңишбеков.
Ошондой эле бул энергоэффективдүү үй франшизасын аймактарда жайылтууну көздөп жатканын, кызыккандар болсо системанын жол-жобосун берерин кошумчалады.