00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Особый акцент
Цифровой след и кнопка «Удалить»: юрист Плужник — о правах работодателя в эпоху цифровизации
20:05
43 мин
Ачык кеп
ШКУ алкагында өзгөчө кырдаалдарда өз ара жардамдашуу күчөтүлөт
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
ЖК депутаты тыгын көйгөйүн чечүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү курууга мораторий киргизүүнү сунуштадыЭл өкүлү Уланбек Жаанбаевдин айтымында, борбор калаада үйлөр жамгырдан кийинки козу карындай эле көбөйүп жатат, бирок унаа токтотуучу жайлар жетишсиз. “Реновациянын алкагында эки кабат үйлөрдүн ордуна 15-16 кабаттуу үйлөр пайда болууда. Балким, шаарда көп кабат үй салууга мораторий киргизип, курулуш иштерин шаардын сыртына чыгаруу керекпи? Ошто да ушундай эле абал, Бишкекте андан да начар. Эгер тынымсыз кура берсек, бул көйгөй чечилбейт. Же метро куруу керекпи?” — деген депутат.
Студенттерге кийинки жылдан тарта айына 2,5 миң сомдон төлөп, учак билеттерин алып берүү сунушталууда Бул тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга илинди. Ага ылайык, өлкөнүн түндүк облустарынан түштүк аймакка же тескеричинче түштүк аймактардан түндүккө келип окуган студенттерге жылына 18 миң сом грант берүү сунушталууда. Бул каражат өлкө ичиндеги төрт авиакаттамга жумшалат — башкача айтканда, ар бир билетке 4,5 миң сомдон бөлүнөт Ошондой эле өкмөттүн демилгесинде 2027–2031-жылдары 24 720 орунга эсептелген жатаканаларды куруу жана реконструкциялоо зарыл экени айтылган. Белгилей кетсек бийлик аймактар аралык студенттик мобилдүүлүк программасын ишке ашырууда.
Москванын өнөр жай тармагынын өкүлдөрү бизнес-миссиянын алкагында Бишкекке келип, Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке ишканаларынын жетекчилери менен жолукту. Анда товарларды жана жабдууларды алып келүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Москва өкмөтүнүн министри, Инвестициялык жана өнөр жай саясаты департаментинин жетекчиси Анатолий Гарбузов билдирди. "Кыргызстан — Москванын өнөр жай товарларын сатуу боюнча негизги багыттардын бири. Жалпы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын 27 пайызы борбор шаарга туура келет. 2026-жылдын алты айында бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 22 пайызга өстү. Жөнөтүлгөн товарлардын басымдуу бөлүгүн тамак-аш менен суусундуктар түзөт. Алардын экспорту 12,8 пайызга өскөн. Ошондой эле өлкөдө дары-дармектерге болгон суроо-талап 62,5 пайызга, ал эми медициналык буюмдарга 45,2 пайызга өскөн. Бишкектеги бизнес-миссияга айыл чарба жабдууларын, өлчөөчү шаймандарды, оптика, ошондой эле азык-түлүк — кондитердик жана нан азыктарын өндүрүүчүлөр кошулду", — деди Анатолий Гарбузов. Делегациянын катарындагы "Инженердик системалар лабораториясы" күнөсканаларга керектүү заманбап жабдууларды чыгарат. Алардын автоматташтырылган системалары түшүмдү бир нече эсе көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы, дыйкан-фермердик чарбалар жана Veges менен "Евросервис групп" компаниялары менен сүйлөштү.
Жаңылыктар түрмөгү
0