00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
11 мин
Тема дня
Максат Чаки - о том, почему 30 миллионов туристов опаснее, чем их отсутствие
18:12
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан проактивдүү саясат жүргүзүшү керек. Регионалдык хаб өлкө экономикасына эмне берет?
19:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Цифровой след и кнопка «Удалить»: юрист Плужник — о правах работодателя в эпоху цифровизации
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Ачык кеп
ШКУ алкагында өзгөчө кырдаалдарда өз ара жардамдашуу күчөтүлөт
21:07
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди инвесторлорго 50 жылга чейин берүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети биринчи окууда жактырды. Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, документ негизинен өлкөгө инвестор тартууга багытталган. Ага ылайык, жер участогу алгач 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Кийин бул мөөнөт 25 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Эгер инвестор инвестициялык келишимде каралган милдеттенмелерин талаптагыдай аткарып, жерди андан ары пайдалануу зарылдыгы болсо, жалпы пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин жетиши мүмкүн. Талкуу маалында эл өкүлдөрү жергиликтүү ишкерлерге да жер маселесинде жеңилдиктерди берүү, жерди пайдалануу мөөнөтү жана жерди мамлекетке кайтаруу кепилдиктерине байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берди.
Кыргызстанда тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү кеңейтилет. Бул багытта «Кыргызсуу долбоор» ААК Казакстан жана Өзбекстандын компаниялары менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол койду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, 15–18-сентябрда өткөн иш сапардын алкагында Алматыда "ADAMANT Inc." компаниясы менен сугат технологияларын Кыргызстанда колдонуу жана өлкөнүн шарттарына ылайыкташтыруу маселелери талкууланды. Ташкентте делегация заманбап сугат жабдууларын өндүргөн компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, макулдашуулар суу үнөмдөөчү технологияларды Кыргызстанда практикалык негизде киргизүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.
Чаткалда 15 жаштагы окуучунун өлүмүнө шектелген өспүрүмдөр эки айга камалды Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип кармалган төрт өспүрүм 19-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматы билдирди. Балдардын баш коргоо чарасы 19-сентябрда Ала-Бука райондук сотунда каралып, судья шектүүлөрдү эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Эске салсак, 18-сентябрда Чаткал районунун Жаңы-Базар аймагында 15 жаштагы Д.Р. аттуу өспүрүм ур-токмокко алынып, ооруканага жетпей каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип 17 жаштагы төрт өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Россияда чет өлкөлүк жарандардын медициналык текшерүүдөн өтүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө кыскартылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкы адиси Гүлназ Исаева мындай талап 1-сентябрдан тарта күчүнө киргенин "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Анын айтымында, жаңы шарт Россияга иштөө же окуу үчүн келген, ошондой эле өлкөдө 90 күндөн ашык убакыт калууну пландаган чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү. Балдарга тиешеси жок. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы Россиянын бирдиктүү электрондук маалымат базасына киргизилет. Аталган базага РФ Ички иштер министрлиги, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) жана Саламаттык сактоо министрлиги кире алат. Текшерүүдөн белгиленген мөөнөттө өтпөгөндөргө да жоопкерчилик каралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0