https://sputnik.kg/20260921/1103801544.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен 100 млн. долларлык инвестициялык кызматташтык меморандумуна кол койду... 21.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-21T08:59+0600
2026-09-21T08:59+0600
2026-09-21T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/15/1103801378_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cf5519c11f2da6cb9dee039eb19ab470.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен 100 млн. долларлык инвестициялык кызматташтык меморандумуна кол койду. Бул туурасында аталган калаанын башкармалыгы маалымат таратты. Документте өнөр жай аймагын түптөө туурасында айтылган. Анда курулуш материалдарын, автоунааларды жана медициналык продукцияларды жасап чыгаруу пландалууда. Мэрия инвесторлорго долбоорду мыйзам чегинде ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоого, ошондой эле уюштуруу жана административдик маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтмөкчү. "Ал эми кытайлык компания долбоорду каржылап, долбоорлоп жана курат. Зарыл болгон технология, жабдуулар жана адистер менен камсыз кылат", — деп маалымдашты. Долбоор ишке ашса шаарда 500 жаңы жумуш орундары түзүлөрүн айтышты.
5-октябрда борбор калаадагы "Бишкек арена" расмий ачылып, анын урматына чоң шоу-концерт өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, трибуна менен фан-зонаны кошкондо майрамдык иш-чарага 60 миңге жакын көрүүчү катышары күтүлүүдө. Күйөрмандар үчүн башкы жаңылык — концерт бекер тартууланат. Бирок ар бир адам билет менен кириши керектигин, ал үчүн ticket.gov.kg сайтына кирип катталып алса болорун айтышты. "Биринчи этапта 10 миң билет берилет. Билеттердин баары бир убакта эмес, этап-этабы менен ар кандай санда жеткиликтүү болот. Мындай тартип мүмкүн болушунча көбүрөөк жаран билет алууга жетишсин деген максатта киргизилди", — деген ал. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Face ID системасы колдонуларын, каттоодон өткөн адам стадионго жүзүн тааныган система аркылуу кире турганын айтышты.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде тиричилик химиясын өндүрүү технологияларын изилдөөчү жаңы лаборатория ачылды. Лаборатория кытайлык Greenleaf Technology Group компаниясы менен биргеликте түзүлгөн. Ачылыш аземине илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, Greenleaf Technology Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Сюй Цзяньчэн жана "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун орун басары Дуулат Сандыбаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы лабораторияда тиричилик химиясын өндүрүүгө байланышкан илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, жаңы технологияларды иштеп чыгууга шарт түзүлөт. Мындан тышкары, лаборатория студенттердин теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөсүнө мүмкүнчүлүк берет. Алар заманбап жабдуулар менен иштөө тажрыйбасын топтоп, өндүрүшкө багытталган изилдөөлөргө катыша алышат. КМТУ менен Greenleaf Technology Group мындан ары химиялык технологияларды өнүктүрүү, заманбап адистерди даярдоо жана илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү багытында кызматташат.
Украина лидери Владимир Зеленский өтпөй калам деп жүрөкзаада болгондуктан президенттик шайлоо өткөрбөйт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдиргенин
Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен 100 млн. долларлык инвестициялык кызматташтык меморандумуна кол койду. Бул туурасында аталган калаанын башкармалыгы маалымат таратты. Документте өнөр жай аймагын түптөө туурасында айтылган. Анда курулуш материалдарын, автоунааларды жана медициналык продукцияларды жасап чыгаруу пландалууда. Мэрия инвесторлорго долбоорду мыйзам чегинде ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоого, ошондой эле уюштуруу жана административдик маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтмөкчү. "Ал эми кытайлык компания долбоорду каржылап, долбоорлоп жана курат. Зарыл болгон технология, жабдуулар жана адистер менен камсыз кылат", — деп маалымдашты. Долбоор ишке ашса шаарда 500 жаңы жумуш орундары түзүлөрүн айтышты.5-октябрда борбор калаадагы "Бишкек арена" расмий ачылып, анын урматына чоң шоу-концерт өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, трибуна менен фан-зонаны кошкондо майрамдык иш-чарага 60 миңге жакын көрүүчү катышары күтүлүүдө. Күйөрмандар үчүн башкы жаңылык — концерт бекер тартууланат. Бирок ар бир адам билет менен кириши керектигин, ал үчүн ticket.gov.kg сайтына кирип катталып алса болорун айтышты. "Биринчи этапта 10 миң билет берилет. Билеттердин баары бир убакта эмес, этап-этабы менен ар кандай санда жеткиликтүү болот. Мындай тартип мүмкүн болушунча көбүрөөк жаран билет алууга жетишсин деген максатта киргизилди", — деген ал. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Face ID системасы колдонуларын, каттоодон өткөн адам стадионго жүзүн тааныган система аркылуу кире турганын айтышты.И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде тиричилик химиясын өндүрүү технологияларын изилдөөчү жаңы лаборатория ачылды. Лаборатория кытайлык Greenleaf Technology Group компаниясы менен биргеликте түзүлгөн. Ачылыш аземине илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, Greenleaf Technology Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Сюй Цзяньчэн жана "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун орун басары Дуулат Сандыбаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы лабораторияда тиричилик химиясын өндүрүүгө байланышкан илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, жаңы технологияларды иштеп чыгууга шарт түзүлөт. Мындан тышкары, лаборатория студенттердин теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөөсүнө мүмкүнчүлүк берет. Алар заманбап жабдуулар менен иштөө тажрыйбасын топтоп, өндүрүшкө багытталган изилдөөлөргө катыша алышат. КМТУ менен Greenleaf Technology Group мындан ары химиялык технологияларды өнүктүрүү, заманбап адистерди даярдоо жана илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү багытында кызматташат.Украина лидери Владимир Зеленский өтпөй калам деп жүрөкзаада болгондуктан президенттик шайлоо өткөрбөйт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдиргенин
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/15/1103801378_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_139a9d6605fcd369972abe5e069f69da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио