БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Меценат Мирлан Исагалиев Таластын облустук ооруканасына Тез жардам автомашинасын атайын Германиядан алдырып белекке берди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев Facebook баракчасына жазды.
Кенекеев бейтаптарды Таластан Бишкектеги ооруканаларга жеткирүүдө бир топ кыйынчылыктар болуп келгендиктен Исагалиевге кайрылганын кошумчалады.
"Бул көйгөйдү уккан Исагалиев Тез жардам автомашинасын атайын Германиядан алдырып белекке берди", — деп жазды ал.
Кенекеев Меценат Исагалиев буга чейин да медицина тармагына жалпы 28 миллион сомдук жардам бергенин баса белгиледи.