00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
3 мин
Таберик
СССРдин Эл артисти Дарыйка Жалгасынова эскерүүлөр
17:07
23 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Терактыга шектүү Акбаржондун мугалими: жакшы окубаса дагы тентек эмес болчу

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербургдагы метродогу жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалиловдун архивдик сүрөтү (Фотография из аккаунта сети Вконтанте Акбаржона Джалилова 1995 года рождения).
Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалиловдун архивдик сүрөтү (Фотография из аккаунта сети Вконтанте Акбаржона Джалилова 1995 года рождения). - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкт-Петербургда болгон жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов Кыргызстанда төрөлгөнү аныкталган. Анын апасы Петербургдагы Пулково аэропортуна конгонун Россия ЖМКлары жазып чыгышты.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалиловдун мурдагы класс жетекчиси Фатима Кадырахунова Акбаржон мектепте жакшы окубаса дагы жоош бала болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына айтып берди. 

Кадырахунова Токтогул Сатылганов атындагы №26 мектепте 2005-2009-жылдар аралыгында (5-8-классында) Жалиловдун класс жетекчиси болгонун билдирди.

"Жалилов сабактарын "3", "4" деген баага окуган. Шоктугу жок, жоош бала болчу. Эмнеге тапшырмаларын аткарбай келгенин же сабакка кечигүү себептерин сураганда тез эле көзүнө жаш тегеренип кетчү. Көбүнчө адабият сабагына кызыкчу. 8-класстан тарта орус адабиятына жана информатика сабагына дилгирлиги байкалган", — деди Кадырахунова.

СК РФ установил личность предполагаемого смертника в Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Петербургдагы терактыга шектүү Жалиловдун үй-бүлөсү тууралуу айылдашы айтып берди
Мугалимдин айтымында, бала жума намазга барам деп сабактан эч качан суранган эмес.

"Башка балдардай болуп жума намазга баруу үчүн сабактан суранган эмес. Достору менен жакшы мамиледе болчу. Чогулуштарга апасы келип турчу "балаңыз жакшы окубайт, бирок бейбаш эмес" деп айтканым бар. Анын мындай кадамга барганына ишене албай турам", — деди мугалим.

Ал эми шектүүнүн жеңеси Сурая Жалилова Акбаржон тил алчаак, абдан жакшы жигит экенин айтып берди.

"Чынымды айтсам, азыркы болуп жаткан окуяга такыр ишене албай жатабыз. Акбаржон биз менен үч жылдай чогуу жашаган. Жөнөкөй, абдан жакшы жигит болчу. Анын намаз окуганын такыр көргөн эмесмин. Жыртык жынсыларды кийип, өзүн шаардык балдардай алып жүрчү. Аны акыркы жолу үч жыл мурда көргөм. Быйыл февраль айында дагы келип кетти деп уккам, бирок көргөн эмесмин", — деди Жалилова.

Анын айтымында, шектүүнүн апасы эмне болгонун биле албай, ыйлаган бойдон Россияга кеткенин кошумчалады.

Санкт-Петербургдагы станцияларга эки бомба коюлганы, анын бирөө жарылып, экинчиси зыянсыздандырылганы белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда чоңойгон Петербургдун тургуну жардыруу маалындагы жагдайды айтып берди
Эске салсак, 3-апрелде Санкт-Петербургда болгон жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов Кыргызстанда төрөлгөнүн Улуттук коопсуздук комитети ырастаган. Анын жакындары УКМКнын Ош облустук башкармалыгында сурак беришкени дагы маалым болгон. Бүгүн эртең менен шектүүнүн апасы Петербургдагы Пулково аэропортуна конгонун Россия ЖМКлары жазып чыгышты. 

Белгилей кетсек, терактынын айынан 14 киши каза таап, 49 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0