БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы метродогу жардырууга шектелип жаткан Ош шаарынын тургуну Акбаржон Жалиловдун ата-энеси УКМКнын Ош облустук башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
"УКМК мыйзамдын чегинде ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында Санкт-Петербургдагы жардырууга тиешеси бар делген Акбаржон Жалиловдун жакындары жана туугандары суралып жатат", — деди Сулайманов.
Белгилей кетсек, 3-апрелде Петербургдагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон.
Аны Кыргызстанда төрөлүп, Россия жарандыгын алган адам жасады деп шектелүүдө.