УКМК: Петербургдагы жардырууну Кыргызстанда төрөлгөн жаран жасады деп шектелүүдө

© REUTERS / Anton VaganovСанкт-Петербургдагы жардыруу болгон жердеги полиция кызматкерлери жана куткаруучулар.
Санкт-Петербургдагы жардыруу болгон жердеги полиция кызматкерлери жана куткаруучулар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкт-Петербургдагы жардыруудан 11 киши каза болуп, элүүгө жакын киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы жардырууну Кыргызстанда төрөлүп, Россиянын жарандыгын алган киши жасаган деп шектелгенин УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Цветы в память о погибших в метро Санкт–Петербурга к посольству России в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектиктер Россиянын Кыргызстандагы элчилигине гүл алып келүүдө
Белгилей кетсек, 3-апрелде Петербургдагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон.

Россиянын терроризмге каршы күрөшүү улуттук комитетинин билдиришинче, жардыруудан акыркы маалыматтар боюнча 11 киши каза болуп, элүүгө жакын киши түрдүү жаракаттарды алган.

Кыргызстандын ТИМи каза болгондордун арасында КР жарандары жок экенин маалымдады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0