00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үй ууруларынан кантип сактануу керек? Милициядан 10 кеңеш

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи квартирных краж в Бишкеке
Случаи квартирных краж в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн жылып жаз келери менен уурулардын тобу да өз "ишин" баштап, батирледен тарта жер үйлөргө чейин жортуулга чыгышат. Милициянын маалыматы боюнча жыл башынан бери Бишкекте эле 200 турак-жайды тоноо фактысы катталып, анын 92синин бети ачылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын өкүлү, милициянын подполковниги Асан Токтомамбетовдун жардамы менен үй ууруларынан сактануу жана анын алдын алуу эрежелерин тизмектеди. "Сактансаң сактайм" демекчи, сак болуңуз.

Продавщица магазина в Казахстане Нина Калимова - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда сатуучу аял дүкөнгө кирген уурунун мылтыгын жулуп алды
Терезелерди темир тор менен тосуңуз. Азыр үйлөргө кирген уурулардын көпчүлүгү пластик терезелер аркылуу киришет. Аларды ачуу көп деле кыйынчылык жаратпайт. Андыктан эгер биринчи кабатта же жер үйдө жашасаңыз, сөзсүз түрдө терезеңизди темир торлотуп коюңуз.

Бир жакка кетип жатканда үйдү жакшылап бекитиңиз. Ошондой эле үйүңүздүн кулпусун тез-тезден алмаштырып турбасаңыз уурулар эшик ачкан жагынан чебер болуп калышкан. Аларда бир нече ачкычтын түрү бар, бири болбосо экинчиси менен ачып алышы ыктымал.

Сигнализация койдуруп алыңыз. Бишкек ШИИБдин алдындагы кайтаруу бөлүмү менен үй кожоюну келишим түзүп, эшигине, терезелерине сигнализация койдуруп алса болот. Бул белгинин жардамы менен ууруну милиция жеринен кармай алат.

Үйгө көп акча же баалуу буюмдарыңызды калтырбаңыз. Ууру баалуу буюм менен акча издейт эмеспи. Эрдиңизди кесе тиштеп калбайын десеңиз, сак болуңуз.

Видеокамера орнотуу ашыктык кылбайт. Колуңуздан келсе үйгө видеокамера орнотуп койсоңуз, келип кеткендерге байкоо салып турасыз. Андыктан акчаңызды аябай бир видеокөзөмөлдөгүч деле орнотуп койсоңуз ашыкча болбойт. Анткени көпчүлүк учурда уурулар изин жашырып, таптырбай кетишет эмеспи.

Эшиктин алдынта турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте белгисиз адамдар өздөрүн электрик деп тааныштырып, квартираларга кирүүдө
Кечинде жатаарда унутпай эшикти бекитип жатыңыз. Уктар алдында эшик-терезелер бекитилгенин жакшылап карап жатыңыз. Болбосо, байкап, акмалап жүргөн немелер болсо бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайт.

Күн ысыкта кечкисин терезелерди ачык таштабаңыз. Түшүнөбүз, эшик ысык, аба жетпей думугуп турасыз. Уурулар көпчүлүк учурда үйлөргө таңкы саат 4-5тер чамасында киришет. Бул учурда адамдардын баары катуу уйкуда болгон болот.

Жатаарда телефон, ноутбук же дагы башка баалуу буюмдарды өз бөлмөңүзгө алып кирип коюңуз. Сиз жыргап уктап жатканда ууру кирип башка бөлмөлөрдү акырын тинтип кетип калат. Ошондуктан жок дегенде телефон, ноутбуктарды өз бөлмөңөргө алып кирип койгула.

Күчүк багыңыз. Сигнализация же видеокамера орнотконго шартыңыз болбосо, жок дегенде ит багып алыңыз. Үйгө келген чоочун адамды ал дароо тааныйт. Андыктан бир жакка кетип жатсаңыз короонун ичине бош кое берип койсоңуз, анын да жардамы тийиши ыктымал.

Көп акчаңыз же өтө баалуу нерселериңиз бар экенин баарына эле айта берүүнүн кажети жок. Ууруну алыстан издебе дегендей, сиздин жашоо-шартыңызды билген эле киши келип, сызга отургузуп кетиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0