Көз ирмемде атактуу болгон кыргызстандык жети "жылдыз"

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүВручение государственных наград президентом РФ В. Путиным в Кремле
Вручение государственных наград президентом РФ В. Путиным в Кремле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биз сөз кыла турган адамдар Кыргызстанда социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, тез аранын ичинде коомчулуктун көңүл чордонуна айланган. Sputnik бир сутканын ичинде атактуулукка жеткен адамдарды тизмектеп көрдү.

Бул адамдар туурасында 2016-жылы жумурай журт сөз кылып, алардын жашоосу миллиондогон адамдардын бүйүрүн кызыткан. 

© AFP / GOH Chai HinИззат Артыков, оор атлетчи
Олимпиада-2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыков, оор атлетчи

Иззат Артыков

Помощь семье 3-летнего мальчика Исхака - Sputnik Кыргызстан
Үстүнө үй, алдына коляска… Sputnik Кыргызстан каармандарынын тагдыры кандай өзгөрдү
Быйылкы жылкы жайда бүт өлкө Риодо өткөн Олимпиададагы ата-мекендик спортчуларга жан үрөдү. Алардын алдыңкы катарында Олимпиада оюндарында биринчи жана жалгыз коло медалга ээ болгон Иззат Артыков турат. Үчүнчү орун үчүн Иззатка Көк-Жар жаңы конушунан эки бөлмөлүү үй белекке берилсе, социалдык тармактын колдонуучулары Иззатты баатыр адамдардын катарына кошту. 

Бир топ убакыт өткөндөн кийин Артыковду Оор атлетика боюнча эл аралык федерация (IWF) антидопинг эрежелерин бузган деп айыптап медалынан ажыраткан. Бирок спортчу жана анын машыктыруучусу бул маалыматты четке кагып, 2017-жылдын 11-январында Швейцарияда сот өтөрүн айтышты. Ал жерден биздин оор ал атлетчинин тагдыры чечилет. 

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Москвадагы өрттөн кыргыз кыздарды куткарууга жардам берген Юрий Лугвинге ардак грамота тапшырды
Награждение россиянина Юрия Лугвина почетной грамотой парламента за проявленное мужество и спасение кыргызстанок при пожаре - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Москвадагы өрттөн кыргыз кыздарды куткарууга жардам берген Юрий Лугвинге ардак грамота тапшырды

Юрий Лугвин

Бул жөнөкөй жигит Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн кыргызстандык мекендештерибизди сактап калган. Трагедия 2016-жылдын 27-августунда типографияда болгон. Анда 14 кыргызстандык кыз-келиндер каза тапкан. Ыктыярчылар болбогондо көз жумгандардын саны андан дагы көп болмок. 24 жаштагы Юрий Лугвин жардамга чуркап келгендердин бири болгон. Ал өрттөнүп жаткан имараттын ичинен эки кыргызстандык кызды алып чыккан. Бул баатыр заматта эле таанылган жок. Каргашалуу окуядан бир нече күн өткөндөн кийин гана жергиликтүү журналисттер аны издеп табышкан. Ал эми Юрий өзү жөн гана адамдык сапаты үчүн баатыр катары таанылып каларын ойлобогондугун билдирген. Бир нече күндөн кийин Юрий Кыргызстанга чакырылып, ӨКМ министри аны жасаган эрдиги үчүн атайын төш белги менен сыйлаган

Марат Исаев

Өткөн жылдын 11-февралында Москвадагы “Красносельская” станциясында темир жолго эс-учун жоготкон аял кулап түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, жакындап калган поездге карабастан аялды куткаруу үчүн Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюк темир жолго секирген. Алар аялды рельстин ортосуна жаткырып, өздөрү да жата калганга үлгүрүшкөн. Натыйжада бардыгы аман калышкан. 20-февралда шаар мэри Сергей Собянин эки баатырга ыраазычылык катын жолдосо, 10-мартта Россиянын президенти Владимир Путин медаль менен сыйлаган. Марат жасаган эрдиги үчүн Кыргызстанда дагы сыйланган.

© Фото / Алексей НазаровИгорь Назаров, Челябинск шаарынын окуучусу
Участник фотоконкурса паблика ВКонтакте Игорь Назаров - Sputnik Кыргызстан
Игорь Назаров, Челябинск шаарынын окуучусу

Саз менеджери

Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Ыр сахна. Атактуу ырчылардын жан сыры, үмүтү, арзуусу…
2016-жылдын жай айына чейин Кыргызстандын бир да адамы Челябинскидеги окуучу Игорь Назаровду таанычу эмес. Июнь айынын аягында "ВКонтакте" социалдык тармагында "Как я встретил столбняк" аттуу конкурс жарыяланган. Анын катышуучулары адаттан тыш жерде өзгөчө сүрөттөргө түшүп, аны жарыялашы керек болчу. Биринчи болгон кишиге Кыргызстанга саякаттоо же 15 миң рубль өлчөмүндөгү каражатты алуу сунушталган. Назаров бул конкурста экинчи орунду ээлеген.

Баш байгени жеңбей калган Игордун Кыргызстанга келчү кыялын орундатуу максатында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти апасы экөөнө биздин өлкөгө келип көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Кыргызстанга суктанган эне-бала, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна да күбө болушкан. 

© Фото / Alina ShaimkulovaДанияр Токтомамбетов, кыргызстандык вайнер
Вайнер из Кыргызстана Данияр Токтомамбетов - Sputnik Кыргызстан
Данияр Токтомамбетов, кыргызстандык вайнер

MC Doncha 

Бүгүнкү күндө бул баланы Кыргызстандагы эң популярдуу ванер десек болот. Өзүнүн аты Данияр Токтомамбетов. Ал компаниялардын биринде пиар тармагында иштеп, өз убагында КВНде да ойногон. Ошондой эле Instagram баракчасында күлкүлүү роликтерге тартылып жүрөт.

Аны бир сутканын ичинде жылдызга айланган бала десек болот. Анын тамашалуу окуялары менен Россиянын белгилүү жылдыздары Тимати, Галустян жана башкалар бөлүшкөн. Андан соң Данияр "Пусть говорят" телеберүүсүнө катышып, андан соң анын "Слезы тикли " ырын Тимати экөө бирге аткарышкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековАкшоола Болотова, чемичке чаккан видео таркагандан кийин социалдык тармактарда белгилүү болгон
Девушка, ставшая знаменитой в соцсетях после видео с семечками - Sputnik Кыргызстан
Акшоола Болотова, чемичке чаккан видео таркагандан кийин социалдык тармактарда белгилүү болгон

Семичке чаккан кыз

Дагы бир соцтармактардын жылдызы — "Шелуха" атка конгон Акшоола Болотова. Анын сейил бакта отуруп семичке чагып кабыгын жерге таштаган жоругу эмес, эч уялбай "артымдан мамлекет тазалашы керек" деген сөзү элдин кыжырын кайнаткан.

Мындай кылыгы үчүн ал кыз Бишкек шаарынын Октябрь райондук административдик комиссиясынын жыйынына чакырылып, 2 миң сом айып пул төлөөгө мажбур болгон. 

© Фото / Турат БектеновНурлан Сулайманов, Бишкек шаарынын прокурору
Прокурор Бишкека Нурлан Сулайманкулов - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Сулайманов, Бишкек шаарынын прокурору

Кол чатыр алдындагы атка минер

Бишкектин мурунку прокурору Нурлан Сулайманкулов — Кыргызстандагы зонтчелендждин түптөөчүсү. Май айында соцтармак колдонуучулары аны жардамчысына кол чатыр карматып турган сүрөтү үчүн "бай-манаптын" жоругу деп катуу талкууга алышкан. Андан кийин кыргызстандыктар анын жоругун кайталап фотоэстафета уюштурушкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0