https://sputnik.kg/20261121/1105046168.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
“Ала-Тоо Резорттун” ачылышында дүйнөлүк жылдыздар ырдайтШвейцарияда 40 миңден ашуун адам нааразылык акциясына чыктыДене тарбия жана спорт академиясы жаңыланып... 21.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-21T17:00+0600
2026-11-21T17:00+0600
2026-11-21T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/15/1105046002_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6edfdc0315660b89bfed43d9b825e12a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
“Ала-Тоо Резорттун” ачылышында дүйнөлүк жылдыздар ырдайтШвейцарияда 40 миңден ашуун адам нааразылык акциясына чыктыДене тарбия жана спорт академиясы жаңыланып курулууда
Бишкек шаарында Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы заманбап үлгүдө курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Турукташтыруу фондунан каржыланып жатат. Жаңы спорт комплексинде олимпиадалык стандарттарга жооп берген жабык бассейн, машыгуу бассейни жана 560 орундуу көрүүчүлөр трибунасы каралган. Мындан тышкары, ачык футбол стадиону, эки кичи футбол, эки баскетбол аянтчасы жана пляж футболу үчүн бир аянтча курулат. Курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө курулуш аянтында котлован казуу иштери аяктап, бетон куюу иштери аткарылып жатат.
“Ала-Тоо Резорттун” ачылышында дүйнөлүк жылдыздар ырдайт Тоo лыжа курорту 1-декабрда ачылат. Иш-чарага Кайрат Нуртас, Irina Kairatovna, Willy William, Berat Mert Demir, Morandi жана DJ King Macarella келери күтүлүүдө Мындан тышкары, Бактияр Токторов, Freeman 996, Begish, JAX жана башка кыргызстандык ырчылар болот. Уюштуруучулар аты азырынча жашыруун сакталып жаткан өзгөчө конок бар экенин айтууда. Концерт саат 13:00дө башталат. Кирүү акысыз.
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун аймагында онкологиялык дарттан дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн жатакананын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.Пансионаттын жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзүп, 70 орунга эсептелген. Имаратта эки орундуу 14 бөлмө, төрт кызматтык кабинет, жыйындар залы, спорт залы, ашкана, кир жуучу жай, намазкана жана башка көмөкчү бөлмөлөр каралган. Курулушка кеткен каражатты өлкө башчы Турукташтыруу фондунан бөлүп берген. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүүдө: "А" блогунда жабуу плиталары орнотулуп бүттү, "Б" блогунда мамылар тургузулду, ал эми "В" блогунда плиталарды бетондоо иштери аяктады.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы окуу корпусу ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Жаңы имаратта студенттердин жекече сабактарды, ошондой эле ансамбль жана оркестр менен репетицияларды өткөрүүсү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Заманбап шарттар студенттердин аткаруучулук чеберчилигин өркүндөтүүгө жана жаш музыканттарды кесиптик сахнага даярдоого өбөлгө болот. Белгилей кетсек, окуу жайдын эски имаратынын аянты 3 миң чарчы метрден ашык болсо, учурда салынып жаткан сегиз кабаттуу жаңы имараттын жалпы аянты 14 миң чарчы метрден ашат. Анда окуу кабинеттери, студенттер үчүн жатакана, ашкана жана 370 орундуу чоң концерттик зал жайгашат. Заманбап жатакана 80ден ашык студентке ылайыкталган.
Швейцарияда 40 миңден ашуун адам нааразылык акциясына чыкты Жаштардын акциялары Цюрих, Берн жана Лозанна шаарларында өттү. Катышуучулар аскердик чыгымдарды көбөйтүүгө каршы чыгып, билим берүүнү өнүктүрүүнү жана климатты коргоону талап кылышты. Кийин митингдер башаламандыкка айланып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин фейерверктер менен атып, таш менен согушкан. Буга жооп катары полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу чачуучу каражаттарды колдонгон.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 95 сом 90 тыйынгаюань 13 сом 10 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Жекшембиде өлкөнүн айрым аймактарында туман тушөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Таласта 15…20, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен чөлкөмдөрүндө 16…21, Ысык-Көл, Нарын аймактарында 6…11 градусту көрсөтөт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 18…20, Ош шаарында 19…21 градусту түзөт.
“Ала-Тоо Резорттун” ачылышында дүйнөлүк жылдыздар ырдайтШвейцарияда 40 миңден ашуун адам нааразылык акциясына чыктыДене тарбия жана спорт академиясы жаңыланып курулуудаБишкек шаарында Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы заманбап үлгүдө курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Турукташтыруу фондунан каржыланып жатат. Жаңы спорт комплексинде олимпиадалык стандарттарга жооп берген жабык бассейн, машыгуу бассейни жана 560 орундуу көрүүчүлөр трибунасы каралган. Мындан тышкары, ачык футбол стадиону, эки кичи футбол, эки баскетбол аянтчасы жана пляж футболу үчүн бир аянтча курулат. Курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө курулуш аянтында котлован казуу иштери аяктап, бетон куюу иштери аткарылып жатат.“Ала-Тоо Резорттун” ачылышында дүйнөлүк жылдыздар ырдайт Тоo лыжа курорту 1-декабрда ачылат. Иш-чарага Кайрат Нуртас, Irina Kairatovna, Willy William, Berat Mert Demir, Morandi жана DJ King Macarella келери күтүлүүдө Мындан тышкары, Бактияр Токторов, Freeman 996, Begish, JAX жана башка кыргызстандык ырчылар болот. Уюштуруучулар аты азырынча жашыруун сакталып жаткан өзгөчө конок бар экенин айтууда. Концерт саат 13:00дө башталат. Кирүү акысыз.Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун аймагында онкологиялык дарттан дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн жатакананын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.Пансионаттын жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзүп, 70 орунга эсептелген. Имаратта эки орундуу 14 бөлмө, төрт кызматтык кабинет, жыйындар залы, спорт залы, ашкана, кир жуучу жай, намазкана жана башка көмөкчү бөлмөлөр каралган. Курулушка кеткен каражатты өлкө башчы Турукташтыруу фондунан бөлүп берген. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүүдө: "А" блогунда жабуу плиталары орнотулуп бүттү, "Б" блогунда мамылар тургузулду, ал эми "В" блогунда плиталарды бетондоо иштери аяктады.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы окуу корпусу ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Жаңы имаратта студенттердин жекече сабактарды, ошондой эле ансамбль жана оркестр менен репетицияларды өткөрүүсү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Заманбап шарттар студенттердин аткаруучулук чеберчилигин өркүндөтүүгө жана жаш музыканттарды кесиптик сахнага даярдоого өбөлгө болот. Белгилей кетсек, окуу жайдын эски имаратынын аянты 3 миң чарчы метрден ашык болсо, учурда салынып жаткан сегиз кабаттуу жаңы имараттын жалпы аянты 14 миң чарчы метрден ашат. Анда окуу кабинеттери, студенттер үчүн жатакана, ашкана жана 370 орундуу чоң концерттик зал жайгашат. Заманбап жатакана 80ден ашык студентке ылайыкталган.Швейцарияда 40 миңден ашуун адам нааразылык акциясына чыкты Жаштардын акциялары Цюрих, Берн жана Лозанна шаарларында өттү. Катышуучулар аскердик чыгымдарды көбөйтүүгө каршы чыгып, билим берүүнү өнүктүрүүнү жана климатты коргоону талап кылышты. Кийин митингдер башаламандыкка айланып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин фейерверктер менен атып, таш менен согушкан. Буга жооп катары полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу чачуучу каражаттарды колдонгон.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 95 сом 90 тыйынгаюань 13 сом 10 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Жекшембиде өлкөнүн айрым аймактарында туман тушөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Таласта 15…20, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен чөлкөмдөрүндө 16…21, Ысык-Көл, Нарын аймактарында 6…11 градусту көрсөтөт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 18…20, Ош шаарында 19…21 градусту түзөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/15/1105046002_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5de302f42c34476248d32392264f8b18.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио