https://sputnik.kg/20261122/1105048110.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар 33 мамлекеттеги 74 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Кийинчерээк алардын саны дагы көбөйүшү... 22.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-22T08:59+0600
2026-11-22T08:59+0600
2026-11-22T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/16/1105047944_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1449251737c3099aabce437acdfbeade.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар 33 мамлекеттеги 74 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Кийинчерээк алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелеринин эң көбү Россияда ачылат, ал жакта 20 тилке иштейт. Түркия менен Казакстанда алтыдан, АКШда беш, Түштүк Корея менен Италияда үчтөн тилке болот. Ал эми Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден шайлоо тилкеси ачылат. Калган 23 тилке Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда уюштурулат. Түзүлгөн шайлоо тилкелеринин толук тизмеси жана даректери менен БШКнын сайтынан таанышууга болот.
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун аймагында онкологиялык дарттан дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн жатакананын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.Пансионаттын жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзүп, 70 орунга эсептелген. Имаратта эки орундуу 14 бөлмө, төрт кызматтык кабинет, жыйындар залы, спорт залы, ашкана, кир жуучу жай, намазкана жана башка көмөкчү бөлмөлөр каралган. Курулушка кеткен каражатты өлкө башчы Турукташтыруу фондунан бөлүп берген. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүүдө: "А" блогунда жабуу плиталары орнотулуп бүттү, "Б" блогунда мамылар тургузулду, ал эми "В" блогунда плиталарды бетондоо иштери аяктады.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов кесиптешине операция жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Бүгүн мен үчүн өзгөчө жумуш күн болду. Дарыгер катары кесиптешиме операция жасап, жүрөгүнө стент койдук. Инфарктынын алдын алууга жетиштик", — деп жазды ал. Бирок дарыгер медициналык сырды сактап, кесиптешинин аты-жөнүн атаган жок. Дамир Осмонов — кесиби боюнча кардиолог. Министр болгонго чейин бир топ жылдар бою Түркия, Казакстан жана Кыргызстанда жүрөк ооруларын дарылап иштеп келген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский француз лидери Эммануэль Макрон кызматтан кеткенден кийин Франция тараптан көрсөтүлүп жаткан жардам токтоп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатат. Бул тууралуу франциялык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматтарга караганда, согуштук аракеттер башталгандан бери Франция Украинаны колдоп келген, бирок шайлоо алдындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы жана талапкерлердин билдирүүлөрү Киевди тынчсыздандырууда. Франциядагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 18-апрелинде өтөт, зарыл болгон учурда экинчи тур 2-майга белгиленет. Фавориттердин катарында оңчул "Улуттук бирикме" партиясынын парламенттик фракциясынын башчысы Марин Ле Пен аталууда. Анын башкы атаандашы катары экинчи турга өтүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар "Баш ийбеген Франция" солчул партиясынын лидери Жан-Люк Меланшон айтылууда.
Кыргызстандын президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар 33 мамлекеттеги 74 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Кийинчерээк алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелеринин эң көбү Россияда ачылат, ал жакта 20 тилке иштейт. Түркия менен Казакстанда алтыдан, АКШда беш, Түштүк Корея менен Италияда үчтөн тилке болот. Ал эми Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден шайлоо тилкеси ачылат. Калган 23 тилке Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда уюштурулат. Түзүлгөн шайлоо тилкелеринин толук тизмеси жана даректери менен БШКнын сайтынан таанышууга болот.Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун аймагында онкологиялык дарттан дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн жатакананын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.Пансионаттын жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзүп, 70 орунга эсептелген. Имаратта эки орундуу 14 бөлмө, төрт кызматтык кабинет, жыйындар залы, спорт залы, ашкана, кир жуучу жай, намазкана жана башка көмөкчү бөлмөлөр каралган. Курулушка кеткен каражатты өлкө башчы Турукташтыруу фондунан бөлүп берген. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүүдө: "А" блогунда жабуу плиталары орнотулуп бүттү, "Б" блогунда мамылар тургузулду, ал эми "В" блогунда плиталарды бетондоо иштери аяктады.Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов кесиптешине операция жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Бүгүн мен үчүн өзгөчө жумуш күн болду. Дарыгер катары кесиптешиме операция жасап, жүрөгүнө стент койдук. Инфарктынын алдын алууга жетиштик", — деп жазды ал. Бирок дарыгер медициналык сырды сактап, кесиптешинин аты-жөнүн атаган жок. Дамир Осмонов — кесиби боюнча кардиолог. Министр болгонго чейин бир топ жылдар бою Түркия, Казакстан жана Кыргызстанда жүрөк ооруларын дарылап иштеп келген.Украинанын президенти Владимир Зеленский француз лидери Эммануэль Макрон кызматтан кеткенден кийин Франция тараптан көрсөтүлүп жаткан жардам токтоп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатат. Бул тууралуу франциялык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматтарга караганда, согуштук аракеттер башталгандан бери Франция Украинаны колдоп келген, бирок шайлоо алдындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы жана талапкерлердин билдирүүлөрү Киевди тынчсыздандырууда. Франциядагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 18-апрелинде өтөт, зарыл болгон учурда экинчи тур 2-майга белгиленет. Фавориттердин катарында оңчул "Улуттук бирикме" партиясынын парламенттик фракциясынын башчысы Марин Ле Пен аталууда. Анын башкы атаандашы катары экинчи турга өтүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар "Баш ийбеген Франция" солчул партиясынын лидери Жан-Люк Меланшон айтылууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/16/1105047944_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_aba302bdce5d5019d6597b93e7add4cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио