"Сазга баткан" россиялык окуучу: мени КРде мынчалык күтөт деп ойлогон эмесмин

© Фото / Алексей НазаровУчастник фотоконкурса паблика "ВКонтакте" Игорь Назаров
Участник фотоконкурса паблика ВКонтакте Игорь Назаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп окуучусу Игорь Назаровго Кыргызстандын Туризм департарментинен чалган учурда жанында байкеси болгон.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Шаршемби күнү россиялык окуучу Игорь Назаровду КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Кыргызстанга чакырган.

Назаров социалдык тармактарга "Саз менеджери" деген сүрөттөрдүн топтомун жарыялагандан кийин белгилүү болуп кеткен.

Тактап айтканда, июнь айынын аягында "ВКонтакте" социалдык тармагында "Как я встретил столбняк" аттуу конкурс жарыяланган. Анын катышуучулары адаттан тыш жерде өзгөчө сүрөттөргө түшүп, аны жарыялашы керек болчу. Биринчи болгон кишиге Кыргызстанга саякаттоо же 15 миң рубль өлчөмүндөгү каражатты алуу сунушталган. Назаров бул конкурста экинчи орунду ээлеген.

Эгер жеңип алсам Кыргызстанга келбей калат элем

16 жаштагы Игорь Назаров Челябинск облусундагы Аргаяш районундагы айылдардын биринде жашайт. Конкурстан кийин бир заматта атактуу болуп чыга келген Игорь Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде ага Кыргызстан мынчалык көңүл бурарын күтпөгөнүн айтат.

Ала-Тоо борбор аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек россиялык туристтер үчүн КМШдагы эң арзан шаар болуп калды
"Башында, албетте, утпай калдым деп капаландым. Кийин көңүл деле бурбай калдым. Кыргызстандын Туризм департаментинин директору чалганда аны да интервью алгысы келген журналист экен деп ойлогом. Себеби, ага чейин бир нече журналист чалган болчу. Ал мага Кыргызстанга келип кетүүдөгү бардык чыгымдарды төлөп берерин айтты. Сүйлөшүп жатканда жанымда байкем бар болчу. Телефонду коерум менен байкем эмнеге анча таң калганымды сурады. Мен ага баарын айтып бердим, биз аябай сүйүндүк", — дейт Назаров.

Игорь эгерде конкурсту жеңип алганда 15 миң рубль акчаны алмактыгын айтты.

"Бул каражатка мен Кыргызстанга барып келе алмак эмесмин. Ал акча эки кишиге такыр эле жетмек эмес. Эми апам экөөбүз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барабыз. Кыргызстанда мени ушунчалык күтүшөрүн такыр ойлогон эмесмин", — дейт ал.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Игорго чалганда ал үй-бүлөсү менен отуруп, болуп бүткөн окуяларды талкуулап жатканын айтты.

Буга чейин андан "Россия-24" менен Life телеканалдары да интервью алышкан.

Эненин кубанычы

Игордун апасы Наталья Назарова баласына Кыргызстандан чакыруу келгенине аябай таң калганын айтат.

"Мен балам менен сиздерге, Кыргызстанга барам. Анын байкеси Санкт-Петербургга иштери менен кетип жаткандыктан бара албай калды", — дейт Наталья.

Сазга түшүп кийимин булгаган баласынын кылыгы анын жинин келтирген жокпу деген суроого сүрөткө тартып жатканда баласынын жанында болгонун айтты.

"Мен окуяны көзөмөлдөп, жанында болчумун. Кандай болгон учурда да ал саз да. Коркунучтуу. Булганган кийим үчүн капа деле болгон жокмун. Ал байкесинин мектепти бүтүрүү кечесине алган эски костюму болчу", — дейт окуучунун апасы.

Ал ошондой эле Игордун агасы Алексей сүрөткө тартканды жактарыран, көбүнесе модель катары Игорь ага жардам берерин кошумчалады.

Наталья Игорду кичинесинен олуттуу жана көп сүйлөгөндү жактырбай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0