00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Бишкекте 350 миңдей балага жете турган вакцина сактаган кампа салындыКызматташуу, соода, коопсуздук. Путин менен Рахмон бир катар маселелерди талкуулаштыКыргызстанда министр министрге операция жасап, инфарктыдан сактап калды
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов кесиптешине операция жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Бүгүн мен үчүн өзгөчө жумуш күн болду. Дарыгер катары кесиптешиме операция жасап, жүрөгүнө стент койдук. Инфарктынын алдын алууга жетиштик", — деп жазды ал. Бирок дарыгер медициналык сырды сактап, кесиптешинин аты-жөнүн атаган жок. Дамир Осмонов — кесиби боюнча кардиолог. Министр болгонго чейин бир топ жылдар бою Түркия, Казакстан жана Кыргызстанда жүрөк ооруларын дарылап иштеп келген.
Бишкекте вакцина сактаган жаңы кампа ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы аянты 130 чарчы метр болгон эки кабат кампа баштан аяк жаңы салынган. Долбоордун баасы 10 миллион сомго чукулдаган. Имарат толугу менен эмдегенге керектүү дары-дармектерди сактаганга ылайыкташкан. Мында 350 миңдей балага жете турган вакцина сакталат. "Вакциналарды сактоо үчүн заманбап шарт түзүү алардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле калкты иммундаштыруу системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", — деди саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.
Алдыдагы президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат БШКнын маалыматына караганда, эң көп шайлоо тилкеси Россияда — 20 добушкана уюштурулат. Түркия менен Казакстанда алтыдан, АКШда беш, Түштүк Корея менен Италияда үчтөн тилке иштейт. Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден тилке ачылат. Мындан тышкары, дагы 23 шайлоо тилкеси Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголия уюштурулат:
Россиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн, коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу Кремль билдирди. РФ лидери Тажикстанга иш сапары менен кечээ барган. Жолугушууда тараптар эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алышты. Путиндин айтымында, Россия менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү былтыр 25 пайыздан ашык өскөн. Быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында бул көрсөткүч дээрлик 19 пайызга көбөйгөн. "РФ президенти Россиянын капиталы менен иштеген көптөгөн ишканалар Тажикстанда иш алып барып жатканын белгиледи. Россиянын 70тен ашык аймагы Тажикстандын ар кайсы региону менен кызматташат. Путин гуманитардык байланыштарга, анын ичинде Тажикстанда орус тилин өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатканы үчүн Рахмонго ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, жолугушууда аймактык коопсуздук, Россиянын 201-аскердик базасынын ишмердүүлүгү жана аскердик чөйрөдөгү кызматташтык маселелери да талкууланган. Жолугушуунун расмий бөлүгү аяктагандан кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүнү бейформал шартта улантышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0