https://sputnik.kg/20261122/1105056130.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 14 жашка чейинки баласын жалгыз тарбиялап жаткан кызматкерлерге күн сайын бир саат акы төлөнүүчү убакыт берүү сунушталды. Жогорку Кеңештин... 22.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-22T17:00+0600
2026-11-22T17:00+0600
2026-11-22T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/16/1105055964_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_742a236d6e4afc3b728a97c1440dc823.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 14 жашка чейинки баласын жалгыз тарбиялап жаткан кызматкерлерге күн сайын бир саат акы төлөнүүчү убакыт берүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, бул убакытта алар жумушка бир саат кечигип келүүгө же жумуштан бир саат эрте кетүүгө укуктуу болушу мүмкүн. Мында эмгек акысы кыскартылбайт. Жеңилдик баласын жалгыз тарбиялап жаткан энелерге гана эмес, аталарга, баланы асырап алган адамдарга жана камкорчуларга да тиешелүү болот. Мында кызматкердин баласы 14 жашка чыга элек болушу керек. Долбоордо күн сайын берилүүчү бир саат жумуш убактысынын бир бөлүгү катары эсептелери белгиленген.
Кыргызстан визасыз кире алган өлкөлөрдүн тизмесин 18 мамлекетке кеңейтүүнү көздөп жатат. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, тизмеге Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад жана Тобаго, Ямайка кошулмакчы. Мындан тышкары, буга чейин тизмеге кирген мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргызстанда визасыз жүрүү мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө чейин узартылат. Башкача айтканда, алар өлкөгө киргенден тартып ар бир 120 күндүн ичинде жалпысынан 60 күн визасыз жүрө алышат.
Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасында кийген трикосун 600 миң сомго сатканын соцбаракчасы аркылуу билдирди. Маалым болгондой, балбан кыз спорттук трикосун кайрымдуулук аукционуна койгон. Чогулган каражат жаштардын билим алуусуна жумшалары айтылды. "Мен үчүн баа жеткис ирмемдерди эске салган кийимди сатуу оңой болгон жок", — деди спортчу. Эскерте кетсек, кыргыз спортунун легендасы Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Париж Олимпиадасынан коло медаль тагынган.
Словакия опузалоого карабай Украинаны насыялоого катышпайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицо билдирди. “Алдыда Европа биримдигинин 2028-2034-жылдарга карата бюджети эле эмес, Украина үчүн бөлүнө турган 45 миллиарддык насыя да талкууланмакчы. Словакия алгачкы 90 миллиард евролук насыялоого катышкан эмес, азыр да маселени ЕБдин бюджети менен кошуп кароого түртүп жатканына карабастан, бул оюбуздан кайтпайбыз”, — деди Фицо Facebook* видеокайрылуусунда. Саясатчы Киев карызынан эч убакта кутула албастыгын белгилеген. “Бул насыя эмес, бул — кдимки эле тартуу”, — деди премьер. Фицо буга чейин Украина үчүн жаңы каржы бөлүүдөн баш тартканы үчүн ЕБдин айрым мамелкеттеринин өкмөт башчылары Братиславага сөөмөй кезеп жатканын билдирген. Шаршемби күнү Еврокомиссия 2027-жылы Киевге мурунку макулдашылган 90 миллиарддын үстүнө кошуп дагы 45 миллиард евро насыя бөлүүнү сунуштаган. Каражатты ЕБдин жалпы карыз милдеттемелеринин негизинде тартуу каралууда.
Кыргызстанда 14 жашка чейинки баласын жалгыз тарбиялап жаткан кызматкерлерге күн сайын бир саат акы төлөнүүчү убакыт берүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, бул убакытта алар жумушка бир саат кечигип келүүгө же жумуштан бир саат эрте кетүүгө укуктуу болушу мүмкүн. Мында эмгек акысы кыскартылбайт. Жеңилдик баласын жалгыз тарбиялап жаткан энелерге гана эмес, аталарга, баланы асырап алган адамдарга жана камкорчуларга да тиешелүү болот. Мында кызматкердин баласы 14 жашка чыга элек болушу керек. Долбоордо күн сайын берилүүчү бир саат жумуш убактысынын бир бөлүгү катары эсептелери белгиленген.Кыргызстан визасыз кире алган өлкөлөрдүн тизмесин 18 мамлекетке кеңейтүүнү көздөп жатат. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, тизмеге Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад жана Тобаго, Ямайка кошулмакчы. Мындан тышкары, буга чейин тизмеге кирген мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргызстанда визасыз жүрүү мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө чейин узартылат. Башкача айтканда, алар өлкөгө киргенден тартып ар бир 120 күндүн ичинде жалпысынан 60 күн визасыз жүрө алышат. Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасында кийген трикосун 600 миң сомго сатканын соцбаракчасы аркылуу билдирди. Маалым болгондой, балбан кыз спорттук трикосун кайрымдуулук аукционуна койгон. Чогулган каражат жаштардын билим алуусуна жумшалары айтылды. "Мен үчүн баа жеткис ирмемдерди эске салган кийимди сатуу оңой болгон жок", — деди спортчу. Эскерте кетсек, кыргыз спортунун легендасы Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Париж Олимпиадасынан коло медаль тагынган. Словакия опузалоого карабай Украинаны насыялоого катышпайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицо билдирди. “Алдыда Европа биримдигинин 2028-2034-жылдарга карата бюджети эле эмес, Украина үчүн бөлүнө турган 45 миллиарддык насыя да талкууланмакчы. Словакия алгачкы 90 миллиард евролук насыялоого катышкан эмес, азыр да маселени ЕБдин бюджети менен кошуп кароого түртүп жатканына карабастан, бул оюбуздан кайтпайбыз”, — деди Фицо Facebook* видеокайрылуусунда. Саясатчы Киев карызынан эч убакта кутула албастыгын белгилеген. “Бул насыя эмес, бул — кдимки эле тартуу”, — деди премьер. Фицо буга чейин Украина үчүн жаңы каржы бөлүүдөн баш тартканы үчүн ЕБдин айрым мамелкеттеринин өкмөт башчылары Братиславага сөөмөй кезеп жатканын билдирген. Шаршемби күнү Еврокомиссия 2027-жылы Киевге мурунку макулдашылган 90 миллиарддын үстүнө кошуп дагы 45 миллиард евро насыя бөлүүнү сунуштаган. Каражатты ЕБдин жалпы карыз милдеттемелеринин негизинде тартуу каралууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/16/1105055964_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e233f2f461b4cc317a9d64a24b35460d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио