https://sputnik.kg/20261121/1105040753.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
"ЭлКат" мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз оператор болот. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды... 21.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-21T08:59+0600
2026-11-21T08:59+0600
2026-11-21T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/15/1105040587_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eda02668301fde0519c02c49939ba572.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
"ЭлКат" мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз оператор болот. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Маалыматка караганда, аталган компанияга бул багытта мөөнөтсүз өзгөчө укук берилет. "Башка интернет-провайдерлерге эл аралык байланыш каналдары боюнча келишимдерин "ЭлКатка“ өткөрүп, интернет-трафикти анын инфраструктурасы аркылуу гана алуу сунушталды", — деп айтылат токтомдо. Бул үчүн аларга токтом күчүнө киргенден кийин 60 күн убакыт берилмекчи. Мындай чечим өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн бекемдөө, эл аралык маалымат агымдарына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган.
Акыркы беш жылда "Кыргызалтын" ишканасынын таза пайдасы 90 млрд сомдон, жалпы кирешеси 99 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу компаниянын беш жылдык ишмердүүлүгү боюнча маалыматта айтылат. Маалыматка ылайык, бул мезгилде мамлекеттик бюджетке 6,8 млрд сом салык төлөнүп, Социалдык фондго 662 млн сом которулган. "Ал эми 2026-жылдын 9 айында компаниялар тобунун кирешеси 131 млрд сомдон, таза пайдасы 82,3 млрд сомдон ашты", - деп айтылат маалыматта.
Кубанычбек Өмүралиев 12-ноябрда Түрк инвестициялык фондунун президентинин кызмат ордуна расмий түрдө киришти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, фонддун башкаруучулар кеңеши аны бул кызматка бир добуштан шайлаган. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү аземи уюмдун Стамбул шаарындагы башкы кеңсесинде өттү. Өмүралиев көрсөтүлгөн ишеним үчүн фонддун башкаруучулар кеңешине, ошондой эле уюмдун түзүлүшүнө жана институционалдык өнүгүшүнө салым кошкон фонддун биринчи президенти жана негиздөөчүсү Багдад Амреевге ыраазычылык билдирди. Фонддун жаңы президенти Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы кызматында топтогон тажрыйбасын аймактык экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жумшоону көздөп жатканын белгиледи. Ал соода жана инвестицияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле Фондго мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн жана жалпы гүлдөп-өсүшүн колдоо негизги артыкчылыктардын катарына кирерин айтты. Белгилей кетсек, Кубанычбек Өмүралиев 2022-жылдан 2026-жылга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы кызматын аркалаган.
Кыргызстанга Россиянын колдоосу менен 796 тонна азык-түлүк жардамы жеткирилди. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалымдалгандай, жүктүн курамында витаминдер жана минералдар менен байытылган 675 тонна буудай уну, ошондой эле 121 тонна өсүмдүк майы бар. Азык-түлүк Бишкек жана Ош шаарларына түшүрүлүп, өлкө боюнча муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Гуманитардык жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) менен кызматташуунун алкагында берилди. Биргелешкен долбоорлордун негизинде Кыргызстанда 11 250гө жакын жаран ун жана өсүмдүк майын алууда. Мындан тышкары, мектептерде ысык тамак уюштуруу программасы да колдоого алынууда.
"ЭлКат" мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз оператор болот. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды. Маалыматка караганда, аталган компанияга бул багытта мөөнөтсүз өзгөчө укук берилет. "Башка интернет-провайдерлерге эл аралык байланыш каналдары боюнча келишимдерин "ЭлКатка“ өткөрүп, интернет-трафикти анын инфраструктурасы аркылуу гана алуу сунушталды", — деп айтылат токтомдо. Бул үчүн аларга токтом күчүнө киргенден кийин 60 күн убакыт берилмекчи. Мындай чечим өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн бекемдөө, эл аралык маалымат агымдарына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган.Акыркы беш жылда "Кыргызалтын" ишканасынын таза пайдасы 90 млрд сомдон, жалпы кирешеси 99 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу компаниянын беш жылдык ишмердүүлүгү боюнча маалыматта айтылат. Маалыматка ылайык, бул мезгилде мамлекеттик бюджетке 6,8 млрд сом салык төлөнүп, Социалдык фондго 662 млн сом которулган. "Ал эми 2026-жылдын 9 айында компаниялар тобунун кирешеси 131 млрд сомдон, таза пайдасы 82,3 млрд сомдон ашты", - деп айтылат маалыматта.Кубанычбек Өмүралиев 12-ноябрда Түрк инвестициялык фондунун президентинин кызмат ордуна расмий түрдө киришти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, фонддун башкаруучулар кеңеши аны бул кызматка бир добуштан шайлаган. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү аземи уюмдун Стамбул шаарындагы башкы кеңсесинде өттү. Өмүралиев көрсөтүлгөн ишеним үчүн фонддун башкаруучулар кеңешине, ошондой эле уюмдун түзүлүшүнө жана институционалдык өнүгүшүнө салым кошкон фонддун биринчи президенти жана негиздөөчүсү Багдад Амреевге ыраазычылык билдирди. Фонддун жаңы президенти Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы кызматында топтогон тажрыйбасын аймактык экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жумшоону көздөп жатканын белгиледи. Ал соода жана инвестицияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле Фондго мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн жана жалпы гүлдөп-өсүшүн колдоо негизги артыкчылыктардын катарына кирерин айтты. Белгилей кетсек, Кубанычбек Өмүралиев 2022-жылдан 2026-жылга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы кызматын аркалаган.Кыргызстанга Россиянын колдоосу менен 796 тонна азык-түлүк жардамы жеткирилди. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалымдалгандай, жүктүн курамында витаминдер жана минералдар менен байытылган 675 тонна буудай уну, ошондой эле 121 тонна өсүмдүк майы бар. Азык-түлүк Бишкек жана Ош шаарларына түшүрүлүп, өлкө боюнча муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Гуманитардык жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) менен кызматташуунун алкагында берилди. Биргелешкен долбоорлордун негизинде Кыргызстанда 11 250гө жакын жаран ун жана өсүмдүк майын алууда. Мындан тышкары, мектептерде ысык тамак уюштуруу программасы да колдоого алынууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/15/1105040587_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_43dc266a11f85fd85aa63730451b25c1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио