00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Стоп кадр
Экран каармандарын ким тандайт? Кастинг директорунун иши ичинен
17:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Мындан эки жыл мурда Бишкектин четинде тик учак кулаган окуяга байланыштуу мурдагы аскер кызматкерлери кармалды Биринчи май райондук соту Аскер-аба күчтөрүнүн мурдагы командири Кылычбек Айдаралиевди жана аскер бөлүгүнүн мурдагы командири Данияр Давитахуновду камакка алуу чечимин чыгарды. Соттон билдиргендей, айыпталуучулар 2026-жылдын 19-декабрына чейин камакта болот. Алар учуу жана учууга даярдык эрежесин бузган деп шектелүүдө. Эске салсак, 2024-жылдын 17-январында Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүндө машыгуу учурунда Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак кулаган. Кырсыктын кесепетинен 11 адам жабыркап, алардын бири каза болгон.
Кыргызстанда дээрлик ар бир бешинчи кары жакырчылыкта жашайт Адис Татьяна Злобинанын айтымында, 2024-жылы Кыргызстан боюнча жалпы жакырлардын саны калктын 25,7 пайызын түзсө, алардын арасында 18,2 пайызы карылар. Айыл жергеси менен шаарда бул көрсөткүч айырмаланат. Мисалы, айылда — 21,7 пайыз болсо, шаарда — 12,9 пайыз. Облустар боюнча айтсак, Баткен облусунда — 29 пайыз, Нарында — 25,3 пайыз, Жалал-Абад облусунда — 24,1 пайыз. Ал эми Бишкекте — 5,2 пайыз.
Бишкектин четинде 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром жана дагы бир арена курула баштады Комплекс Сокулук районунун Белек айылына жакын жерде жайгашкан. Долбоордо ат чабыш жана башка жарыштарды өткөрүүгө боло турган 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром, ошондой эле көк бөрү мелдештери үчүн 25 миң орундуу арена каралган. Жалпы аянты 114 гектарды түзөт, мындан тышкары машыгуу аянтчалары, ат сарайлар жана башка объектилер салынат. Мэр долбоор менен таанышып, жер алдындагы унаа токтотуучу жай куруу, айлана-тегеректи көрктөндүрүү жана ипподромдун сыйымдуулугун көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде 21-ноябрдан тартып реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу аталган комплекстен билдиришти. Долбоордун алкагында музей-комплекстин инфраструктурасы жаңыланып, зыяратчылар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Учурда курулуш техникасы тартылып, алгачкы иштер жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу 23-ноябрдан тартып “Сулайман-Тоо” жана Үңкүр музейлери убактылуу жабылат. Ал эми башкы имараттагы экспозиция залы келүүчүлөр үчүн ачык бойдон калат.
Айсулуу Тыныбекованын Олимпиадада кийген трикосу 600 миң сомго сатылды Балбан кыз Париж Олимпиадасында кийген спорттук трикосун кайрымдуулук аукционуна койгонун билдирди. Ал 600 миң сомго сатылган. Чогулган каражат жаштардын билим алуусуна жумшалмай болду. "Мен үчүн баа жеткис ирмемдерди эске салган кийимди сатуу оңой болгон жок", - деди спортчу.
Трамп Путин жана Си менен болгон жолугушуунун сүрөттөрүн жарыялады АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына Шэньчжэндеги АТЭС саммитинин алкагында Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин болуп түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Анын биринде Россия менен АКШ президенттеринин кол алышып турган учуру чагылдырылган. “Менин досум”, — деп жазган Трамп бул сүрөттүн алдына. Дагы бир кадрда Синин аэропорттон Трампты тосуп алганы чагылдырылган. Сүрөттүн жогору жагында “Достор” деп жазылып турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0