Ыр сахна. Атактуу ырчылардын жан сыры, үмүтү, арзуусу…

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз маданиятынын заманбап багыттарынын бири бул — шоу-бизнес. Бизге бул агым 2005-жылдан тарта кире баштаген. 1990-жылдагы кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү да унутта калбай чыгармаларын жаратып, орто муун менен тең тайлаша иштеп келишет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ырчылар арасында алынган кызыктуу 10 маекти сунуштайт.

© Sputnik / Исмаил МамытовЫрчы Каныкей
Кыргызстанская эстрадная певица Каныкей - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Каныкей

— Бысмылда дегенде эле жадыраган жаздын май айында кыргыз шоу-бизнесинде өзгөчө үнү, кийинүү стили менен таанымал Каныкей маек курган. Ал мындан эки жыл мурун турмуш жолуна аттанып чоң сахнадан алыстап кеткен. Эми кайрадан чыгармачылыкка кайтып жатканын билдирип, эл алдына кандай өзгөчөлүктөр менен чыгары тууралуу ой бөлүшкөн.

© SputnikЫрчы Омар
Певец отечественной эстрады Омурбек Жанышев - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Омар

— Ыйык орозо айында кыргызча, орусча, англисче ырлардын майын чыгара аткарып, жөнөкөйлүгү менен көзгө урунган Омар чыгармачылыгы жана төө буурчак чырынын тийгизген таасири тууралуу оюн билдирген. Омар "Кош жүрөк", "Где ты", "How long", "Энекем","Кыргызстаным" аттуу ырлары менен элге кеңири таанымал. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКРдин эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев
Заслуженный артист КР Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев

— Даңкы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган КРдин эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев ак жайдын күнү редакциябызга баш баккан. Эсимде, офисти таппай бир аз убаралынып калды. Мен кире элек жатып эле ачуусуна тийип алдым окшойт деп сыртта турсам, ышкырган үн чыкты. Бирөө жарым тийишип жатса керек деп артымды карасам Бек байке экен. Бул материал чыккандан кийин ачык суроолорум үчүн сындагандар да болду. Чындыгында ачык суроолорбу же айрымдарга ошондой сезилдиби билбейм. Сиз бир кирип окуп көрүңүзчү

© Sputnik / Табылды КадырбековӨнөрлүү жубайлар: скрипкачы Нурайым Азыкбаева менен комузчу Назбек Кенчинбаев
Комузист Назбек Кенчинбаев и скрипачка Нурайым Азыкбаева - Sputnik Кыргызстан
Өнөрлүү жубайлар: скрипкачы Нурайым Азыкбаева менен комузчу Назбек Кенчинбаев

— Бул күндү менин кесиптештерим дагы унутпаса керек. Заманбап стилдеги куттуу редакциябызга көчүп келгенде алгачкылардан болуп маекке комуз менен скрипканын коштоосунда чыгармаларды сыздаткан түгөйлөр Нурайым менен Назбек Кенчинбаев келген. Бизге чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров студияга отуруп кыскача маек куруп кетиптир. Бул биз үчүн чоң сыймык болду. Ал күнү коноктор гана эмес жаркыраган студиядан өзүм да кошо сүрдөдүм. Калп айтпасам, режиссерлор деле толкунданып жатты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова

— Кыргыз эстрадасынын примадоннасы Гүлнур Сатылганова биз чакырган коноктордун эң күттүргөнү болду. Бирок анысын берген маеги менен жууп кетти. Анча-мынча жүрөктө катылган сырлары менен да бөлүшүп, чыгармачылыгы, медер туткан жалгыз уулу, жолуктура албаган сүйүүсү тууралуу айтып берген

© SputnikЫрчы Нурлан Насип
Популярный кыргызский певец Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Нурлан Насип

— Атаңдын көрү…азыр кимдин кимдин заманы десең, Нукенин заманы дешет экен. Дегеним, кыргыз эстрадасынын учурдагы мега жалдызы, көп кыздардын жүрөк оорусу айланган Нурлан Насип дагы конокко келип, атактуулуктун сыры жана аны жоготуп алуунун коркунучу кандай болорун айтып берген. 

© SputnikКР эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев
Заслуженный артист Кыргызской Республики Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
КР эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев

— КР эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев агабыздын маеги жайкы Олимпиада оюндарына туш келди. Ал Айсулууга арналган ыры жана уулу Кадырлууну чыгармачылыкка аралаштырып жаткандыгы туурасында айтып берген. 

© SputnikЫрчы Кайрат Примбердиев
Кыргызский исполнитель Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Кайрат Примбердиев

— Отуздан кийин өрт алып Россиянын сахнасында ийгиликтерди багындырып, дүйнөлүк деңгээлге чыгууну пландап жаткан сыймыгыбыз Кайрат Примбердиев да куттуу студиябыздын кадырлуу коногу болуп кайткан. Эмне демекчибиз, алгалай бер, Кайрат!

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева
Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева

— Бул айым элге өзүн эле таанытып койбостон, жаштардын чыгармачылыгын да дайыма колдоп келет. Чет элдик сынактарга жаштарды даярдоо менен өлкөнүн аброюн көтөрүп, дүйнөнүн чар тарабынан келген калыстар тобунун мүчөсүн толуктап турат. Ал — биздин сүйүктүү ырчыбыз Айчүрөк Иманалиева

© Sputnik / Табылды КадырбековТurkvision сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова
Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Тurkvision сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова

— Ар бир ырында өзгөчө стиль жана заманбап бийчилердин коштоосунда чыккан ырчы, эл аралык Тurkvision сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова да келип кеткен. Ал студияга келгенде мага "сиз чалганда апамды элестетип кеттим, ал дагы кайра-кайра сарсанаа болуп, келетасыңбы деп чала берет" деп каткырганы эстен кетпейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0