БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Москвадагы өрттөн кыргыз кыздарды куткарууга жардам берген Юрий Лугвинге ардак грамота тапшырды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эскерте кетсек, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, 17 киши каза болгон. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер экени аныкталган. Дагы бир нече КР жарандары куткарылгандыгы айтылган.
"Биз сизди кыргыз жергесинде көрүүгө ар качан кубанычта болобуз", — деп билдирди төрага.
Муну менен катар Лугвинге атайын саат белекке берилди.
Ал эми россиялык мейман Кыргызстандын мындай жылуу мамилесине абдан ыраазы экендигин билдирди.
"Мен II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып шумдуктуудай шоуга күбө болдум. Кереметтүү Ысык-Көлдү көрө алдым. Айрыкча улуттук тамак-аштар менен өлкөнүн жаратылышы абдан жакты. Эң башкысы кыргыздар меймандос эл экен", — деп Лугвин өз ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, кыргызстандык кыздарды куткарууга кыргыз жарандары дагы катышкан. Учурда алардын дареги такталып жатат. Аларга да өзүнчө сыйлыктар берилет.