00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
Нурбек Талантбеков: “Манас” театры эпос, салттуу музыканы сактоо, жайылтуу жаатында иштерди аткарууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп кадр
Экран каармандарын ким тандайт? Кастинг директорунун иши ичинен
17:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 2026-жылдын 10 айында 428 адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Алардын ичинен 113 адам жол кырсыгынан, 14 адам сууга чөгүүдөн, төртөө тоодогу кырсыктардан жана бешөө өрттөн куткарылган. Мындан тышкары, медицина кызматкерлери келгенге чейин 731 жаранга биринчи жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле жыл башынан бери калкка өзгөчө кырдаалдар боюнча 69 жолу шашылыш эскертүү берилген.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Келте айылында 850 миң долларга медициналык борбор курулду. Долбоорду Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) каржылаганын аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, курулуш боюнча келишимге 2023-жылы кол коюлган. Үч жылдан соң үч кабаттуу имарат тургузулуп, анда МРТ, заманбап УЗИ аппараттары жана реабилитациялык палаталар иштеп баштады. Борбор бүтүндөй райондун тургундарын кабыл алууда жана мындан ары хирургиялык багыттарды кеңейтүү пландалууда. Фонддун башчысы белгилегендей, долбоордун алкагында Бишкек менен Оштон келген адистер үчүн конок үйү да иштеп жатат. Дарыгерлер татаал операцияларды жасоодон тышкары, жергиликтүү медицина кызматкерлерин да заманбап ыкмаларга үйрөтүшүүдө. Ошондой эле Новиков кошумча каржылоо тууралуу келишимге кол коюлганын кошумчалады. Ал каражаттар ЛОР-операцияларды жасоого ылайыкталган заманбап операциялык блокту курууга жана жабдууга жумшалмакчы.
Кыргызстандык дзюдочу Данияр Мелисов Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан 21 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Ал мелдеште 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, Литва, Италия, Украина, Египет жана Грузиянын спортчуларын жеңип, финалга чыкты. "Чечүүчү беттеште түркиялык дзюдочу менен кез келип, аны жеңип дүйнө чемпиону аталды", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, бул Кыргызстан үчүн аталган дүйнө чемпионатындагы экинчи медаль болду. Буга чейин кыз-келиндер арасында 57 килограммга чейинки салмак ченинде Жанар Жолдошева күмүш медаль жеңген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский француз лидери Эммануэль Макрон кызматтан кеткенден кийин Франция тараптан көрсөтүлүп жаткан жардам токтоп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатат. Бул тууралуу франциялык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматтарга караганда, согуштук аракеттер башталгандан бери Франция Украинаны колдоп келген, бирок шайлоо алдындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы жана талапкерлердин билдирүүлөрү Киевди тынчсыздандырууда. Франциядагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 18-апрелинде өтөт, зарыл болгон учурда экинчи тур 2-майга белгиленет. Фавориттердин катарында оңчул "Улуттук бирикме" партиясынын парламенттик фракциясынын башчысы Марин Ле Пен аталууда. Анын башкы атаандашы катары экинчи турга өтүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар "Баш ийбеген Франция" солчул партиясынын лидери Жан-Люк Меланшон айтылууда. Ле Пен да, Меланшон да буга чейин Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каршы чыгышкан. Ал эми Макрон катары менен экинчи мөөнөткө шайлангандыктан, бул шайлоого катыша албайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0