00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкекте онкологияга чалдыккан балдардын ата-энелери үчүн жатакана салынуудаЗеленский Украинаны алдыда оор кыш күтүп турганын айттыКасымалиев Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча региондук директору Наджи Бенхассин жана Азия өнүктүрүү банкынын Борбор жана Батыш Азия департаментинин башкы директорунун орун басары Йонг Йе менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар андан аркы кызматташтыктын келечегин жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын колдоону талкуулашты. Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын белгилеп, эл аралык каржы институттары менен өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн жогорку темпи байкалууда. ИДПнын реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпи 10,2 пайызды түздү. Оң динамика үстүбүздөгү жылы да сакталууда. 2026-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 10,5 пайызга жетти, бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62,9 пайызга өстү", — деп белгиледи минкаб башчысы. Ал үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров жакынкы беш жылга стратегиялык милдеттерди аныктаганын эске салды.
Бишкекте онкологияга чалдыккан балдардын ата-энелери үчүн жатакана салынууда Имараттын жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзүп, 70 орунга ылайыкталган. Долбоорго ылайык, пансиондо эки кишилик 14 бөлмө, төрт кызматтык кабинет, конференц-зал, спорт зал, ашкана, кир жуучу жай, санитардык бөлмөлөр, кампа, намазкана сыяктуу бардык шарт болот. Курулушка кеткен акчаны өлкө башчы турукташтыруу фондунан бөлүп берген.
Транспорт министрлиги Арашандан Чуңкурчакка чейин кеткен жаңы жолду көрсөттү Трассанын узундугу болжол менен 21 чакырымды түзөт. Эски жол менен 1 саатка созулган аралык азыр жарым сааттан ашык кыскарган. Жол менен чогуу эки көпүрө жана 48 суу өткөрүүчү түтүк курулуп, 14 чакырымдан ашык темир тосмо орнотулган.
Ноябрдын аягында өлкөнүн түндүк аймактарында күн сууктайт Алдыдагы күндөрү күн жылуу болот. Кийинки бейшембиде түштүк аймактарда абанын температурасы +22 градуска, түндүктө +23 градуска чейин жетет. Бирок 27-ноябрда, жума күнү, Чүйдө абанын температурасы +13 градустан ашпайт. Таласта +12 градус болот. Түштүк аймактарда суук анчейин байкалбайт. Абанын температурасы +19 градуска чейин жетет. Нарын жана Ысык-Көл облустарында +13 градустан жогору болбойт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский алдыдагы кыш мезгили өлкө үчүн оор болорун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Кышты кантип өткөрүү пландалып жатканы тууралуу суроого жооп берип жатып, Зеленский алдыдагы мезгил "өтө чоң кыйынчылыктар менен" коштолорун белгилеген. Буга чейин бир катар расмий өкүлдөр менен адистер да бул маселе боюнча өз ойлорун айтышкан. Мисалы, Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуул коюучу аскерлеринин командачылыгынын офицери Денис Ярославский эгер бийлик ушул кышта согушту токтотуу боюнча макулдаша албаса, өлкөнүн ири шаарлары жашоого жараксыз болуп калышы мүмкүн экенин билдирген. Өкмөт башчы Сергей Корецкий дагы бул кыш өткөнкүгө караганда оор болушу ыктымал деп божомолдогон. Ошондой эле кыш мезгилинде электр энергиясын өчүрүү суткасына 20 саатка чейин жетиши мүмкүн экени айтылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0