БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Facebook социалдык тармагында колду аркага алган адамга кызматчысы кол чатыр тосуп турган сүрөт кызуу талкууга жем таштады. Интернет колдонуучулардын айтымында, сүрөттө Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов болушу мүмкүн.
Социалдык тармактын колдонуучулары терс маанидеги комментарийлерин калтырып, сүрөт кескин сынга алынды.
Маалыматка ылайык, сүрөт Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган иш-чарада тартылган.
Ал ортодо Башкы прокуратуранын маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы Нурлан Сулайманкуловдун жумуштары менен сыртка чыгып кеткенин билдирди.