00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бир күндө Бишкекте 198 тонна таштанды чыгарылдыТрамп жаңжал бүтмөйүнчө Киевдин коопсуздук кепилдигин талкуулабай турганын айттыАдылбек Касымалиев Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал акыркы беш жылда өлкөнүн экономикалык жана социалдык тармактарында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун белгилеп, бул процесстерге прокуратура органдары да чоң салым кошконун айтты. Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери коррупцияга, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүп, мамлекеттин мүлкүн кайтарууга жана мыйзамдуулукту камсыздоого активдүү катышып келишет. Ошондой эле Адылбек Касымалиев прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, кызматкерлердин айлык акысы жана социалдык шарттары жакшыртылганын белгиледи. Аймактарда жаңы административдик имараттар жана кызматтык батирлер курулуп, ипотекалык колдоо көрсөтүлүп жатканын кошумчалады. Министрлер Кабинетинин төрагасы прокуратура кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерди мындан ары да сапаттуу аткарып, элдин ишенимин актоону каалап, чың ден соолук жана ийгилик тиледи.
Бишкекте таштанды чыгаруу акциясынын биринчи күнүндө 198 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 20-ноябрда шаарда таштандыларды чыгаруу боюнча бир жолку акциянын биринчи күнү жыйынтыкталды. Таштандыларды чыгарууга жалпы 35 атайын техника тартылды. “Күн ичинде борбор калаанын төрт районунда тең ”Тазалык“ муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын тазалоо жана ташып чыгаруу иштерин жүргүзүштү. Мындай масштабдуу акциянын негизги максаты — шаар тургундарына үйлөрүндө жана короолорунда топтолуп калган эски, керексиз буюмдардан арылууга мүмкүнчүлүк түзүү”, - деп белгилешти мэриядан.
Төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туру жыйынтыкталып, финалдык бөлүккө 12 акын жолдомо алды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара республикалык ”Айтыш” коомдук фондунун 25 жылдыгына, Казыбек Мамбетимин уулунун 125 жылдыгына жана Эшманбет Байсейит уулунун 160 жылдыгына арналган.Айтыштын финалдык бөлүгү 26-ноябрда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Мелдештин жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түзөт
АКШ президенти Дональд Трамп согуш бүтмөйүнчө Киевге коопсуздук кепилдиктерин талкуулоону каалабай турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Анын айтымында, Вашингтон эки тарап менен тең ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктан, макулдашууга жетүү мүмкүнчүлүгү жогорулап калды. Ага чейин Владимир Путин менен Дональд Трамп Шэньчжэнь шаарында өткөн АТЭС саммитинин алкагында жолугушкан. Кийинчерээк тарыхта биринчи жолу Россия, АКШ жана Кытай башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтүп, анда лидерлер Украина маселесин да талкуулашкан. Андан соң, ЖМКлар жазгандай, Ак үйдүн башчысы Берлиндеги "каалоочулар коалициясынын" жыйынына телефон аркылуу кошулуп, Евробиримдик өлкөлөрүнүн жетекчилерин акчасын мындан ары Украинага эмес, өз өлкөлөрүнө жумшоого чакырган. Ал эми Путин маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Россия дипломатиялык каналдар аркылуу европалыктарга Москвага келүүнү сунуштаганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0