БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Борбор калаанын Свердлов РИИБи дайынсыз жоголгон эки кызды издеп жатканын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
"Жоголгон кыздардын бири 1995-жылы туулган Исмаилжан кызы Мадина. Ал Ак-Тилек жаңы конушунда жашачу. 2016-жылдын 30-октябрында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Кыз ата-энеси менен жолуккандан качууда", — деди милиция кызматкерлери.
© Фото / пресс-служба УВД Сверловского района БишкекаДайынсыз жоголгон 21 жаштагы Исмаилжан кызы Мадина
Дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Исмаилжан кызы Мадина
© Фото / пресс-служба УВД Сверловского района Бишкека
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы кара, бети тоголок, бүтүк көз, калың каштуу. Үстүнө кара түстөгү күрмө, кара шым, бутуна кара өтүк кийип жүргөн.
"Ал эми экинчи жоголгон кыз 1998-жылы туулган, "Учкун" кичи районунда жашаган Чолпон Мурзакулова. Ал да ата-энеси менен кезигишүүдөн качып жүрөт. Телефондон ата-энесинен аны издебөөсүн суранган", — деп жазылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба УВД Сверловского района БишкекаДайынсыз жоголгон 18 жаштагы Чолпон Мурзакулова
Дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Чолпон Мурзакулова
© Фото / пресс-служба УВД Сверловского района Бишкека
Чолпондун белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык чырай, кара чачтуу, чап жаак, бүтүк көздүү, кашы калың. Үстүнө кара-көк түстөгү күрмө, көк шым, жана бутуна кара өтүк кийип жүргөн.
Эки кыздын дайыны тууралуу кабардар болгондор 0550 102-872, 0772 180-945 телефонуна же 102ге кабарлап коюу суранычы айтылды.