Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын талаш тилкелерин тактоого киришти

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЧек арадагы тосмо. Архив
Чек арадагы тосмо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелеринде тактоо иштери улантылууда. Андан сырткары, буга чейин макулдашылган аймактар жеринен кагазга түшүрүлүп жатат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы буга чейин такталган чек ара тилкелерин кагазга түшүрүүдө. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан көңшу өлкөнүн өкмөтүнүн маалымат кызматына таянып билдирди. 

Ошто 28-ноябрдан 3-декабрга чейин эки өлкөнүн делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун жолугушуусу өткөн. 

"Тараптар эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы айрым тилкелери боюнча сүйлөшүүнү улантууда. Ошондой эле буга чейин макулдашылган аймактар жеринен кагазга түшүрүлүп жатат. Андан сырткары, өкмөттүк жумушчу топтун кийинки жолугушуусу декабрь айында Өзбекстандын аймагында өтөт", — деди маалыматта. 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрилиги билдиргендей, эки өлкөнүн ноябрда болгон жолугушууларында 56 чек ара тилкеси такталган. 

Мекеменин маалыматына ылайык, Өзбекстандын Наманган, Фергана жана Анжиян облустары менен Кыргызстандан Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары чектешкен 14 чек ара тилкеси изилденип, топографиялык сүрөттөргө тартылган.

Сентябрь-октябрь айларында делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегация эки өлкө ортосундагы 78 тилкеде тактоо иштерин жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0