БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасы болуп Гуламжан Анарбаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-декабрда кол койду.
Анарбаевге чейин аталган кызматты Жоомарт Жумабеков ээлеп, 21-ноябрда жумуштан бошотулган.