БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу кумшекер сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялаган маалыматка караганда, Матрезерв фондусу кумшекер алуу үчүн 65 миллион 550 миң сом сарптоого даяр.
Кечээ, 19-ноябрда жарыяланган тендердин мөөнөтү 12-декабрда аяктайт.