БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фондунун жаш манасчылары "Дүбүрт" аттуу кыска метраждуу тасма тартышты. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Тасмага Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин 4-курсунун студенти Бектурган Кундузбеков режиссерлук кылган.
"Дүбүрт" кыска метраждуу тасмасы Манас айтуу касиети кантип келерин жана Манас айтып жаткан ар бир манасчынын кѳз карашын, ой-толгоолорун, кѳзүнѳ кѳрүнгѳн, дилине сиңип калган сезимдерин, манасчылардын аянын жана ата-бабабыздын тарыхын Манас аркылуу айтып жатканын чагылдырат.
Тасма жакынкы күндөрү өтө турган фестивалдарга жана конкурстарга катышып, андан соң, кыргыз элине кѳрсѳтүлѳт.