БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Ирактагы Күрдстандагы кинофестивалга чакырылганын Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.
Маалыматка ылайык, сынак Духок шаарында 9-16-сентябрда өтөт.
"Сүтак" эл аралык сынакта ат салышып, белгилүү режиссер Йылмаз Гюнейдин сыйлыгына талапкер болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган номинацияда жеңишке жетишкен тасмага 10 миллион динар же 8 миң доллар акча ыйгарылат. Мындан тышкары режиссер Абдыкалыков "Жаңы талант" номинациясында да күч сынашат. Бул бөлүктө 4 миллион динар же 3200 доллар сыйлык каралган.