БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Боом капчыгайы эки тарапка тең ачык экенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек бүгүн Бишкек — Балыкчы жолунун 132-чакырымына таш кулап, жол бир тарапка жабылган болчу.
"Окуя болгон жерге техника жиберилген. Саат 21:00дө жол эки тарапка тең ачылган", — деп ӨКМден маалымдашты.
Жолду тазалоо иштери улантылууда.