БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жылуулук түйүндөрүндөгү ремонттук иштерге байланыштуу борбор калаадагы Фатьянов көчөсү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа жолу бүгүн, 27-июлдан тартып тосулат.
"Фатьянов көчөсү Кулатов көчөсүнөн тартып, жылуулук камералары орнотулган жерге чейин жол кыймылы үчүн тосулат", — деп айтылат маалыматта.
Оңдоп-түзөө иштери качан бүтө турганы азырынча белгисиз.