БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жапайы аарылар Кара-Балта шаарынын жашоочусунун үйүнө кирип кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Аары уюгун терезенин алдына салып, дубалды тешип үйгө да кирип кеткен.
Куткаруучулар дихлофос колдонуп, терезенин алдындагы тешикти атайын көбүк менен бүтөшкөн.