БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргыз-Синзянь кызматташтыгынын алкагында Кыргызстан Кытайдан 48 адамдан турган акробаттардын тобун чакырды.
Кытайлык чеберлер "Жибек жолундагы күн шооласы" аттуу кайрымдуулук концертин тартуулайт.
Аталган иш-чара Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын колдоосу менен 17-18-августта Бишкек шаарында өткөрүлөт. Акробаттар тобу андан ары Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда сапарын улайт.