БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кытайда морж менен селфи жасоо учурунда эки адам каза тапты. Бул тууралуу британиялык The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Кырсык кытайдагы Ляонин провинциясында болгон.
Зоопаркка келген жарандардын бири морждун жанынан сүрөткө түшүп жатканда жаныбар анын аркасынан келип сууга тартып кеткен.
Андагы кароолчу жардамга чуркаганда, морж аны да сууга чөктүрүп салган.
Маалыматка караганда морж жайгашкан суунун жээктеринде тосмолор жок болгон. Мындан улам каза болгон жаран сууга өтө жакын бара алган.