БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кадамжай районунда саат кечки бештерге чукул кайрадан сел жүргөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Мөндүр аралаш жамгыр жаап, Ош-Айдаркен унаа жолунун 125-132 чакырымында, тоо жылгаларынан 3-4 жеринен сел жүрдү. Анын кесепетинен Жийделик айылындагы профилакторияга өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү сел алып жана эки электр мамычалар кулап түшкөн", — деп кабарлады маалымат кызматы.
Кечээ, 27-май күнү Жийделик участкасында тынбай жаан жаап катуу, сел жүргөн. Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, бир машина сайга кулап кеткен. Ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Дагы бир алты жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүргөн. Ал эми сел агызып кеткен унаа ичинде дагы бир үч жашар бала болгону айтылып, куткаруучулар издөө иштерин улантууда.