БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу "Зеленстрой" жана "Тазалык" ишканалары шаардагы арыктарды жана суу түтүктөрүн тазалоо иштерин улантып жатат. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери механикалык ыкма жана кол менен да жүргүзүлүүдө. Мында кол менен Щербаков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана Эркиндик бульварындагы арыктар тазаланды.
Учурда "Зеленстрой" ишканасынын карамагында 86,6 чакырым узундуктагы арык бар.