БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Кыргызстанга келген Таиланд канбийкеси Маха Чакри Сириндхорн менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда маданий-гуманитардык, билим берүү жана туризм чөйрөсүндө Кыргызстан менен Таиланддын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Атамбаев канбийкесинин Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары өлкөлөр ортосундагы кызматташууну чыңдап, анын өнүгүүсүнө жаңы дем берерине үмүттөнөрүн айтта.