БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Индонезиялык ырчы Ирма Бьюл кобралар менен шоу көрсөтүп жатып сахнада каза болду. Бул тууралуу Asia One интернет-порталына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
29 жаштагы ырчы ырдап жатып кокусунан жыландын куйругун басып алгандан кийин кобра өнөрпоздун санын чагып алган.
Медициналык жардамга кайрылуунун ордуна ырчы ырдоосун улантып, ууга каршы каражат ичүүдөн баш тарткан.
Жылан чагып алгандан кийин бир саатка чукул убакыттын ичинде Ирма кусуп, калтырай баштаган. Ооруканада дарыгерлер анын каза болгонун айтышкан. Адистердин маалыматында, Бьюл жылан бутун чагып алгандыктан, анын таасирин дароо сезген эмес.
Жыландын аталган түрүнүн уусу пилди өлтүрүүгө жөндөмдүү экени белгиленет.