БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайдан Honda Stream унаасын уурдап айдап кеткен жаран кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, машинасын белгисиз адам уурдап кеткенин айткан.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн рейддин натыйжасында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.