Бишкектин Элебаев менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу турак жай электр чубалгыларынан чыккан жалындан улам өрттөнгөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-февраль күнү саат 21.01де 13 кабаттуу имараттагы пентхауста өрт чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, күндүз аталган кабатта жумушчулар иштеген. Өрттүн натыйжасында 400 чарчы метр аянтта жайгашкан пентахустун чатыры урап түшкөн.
Окуя болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр кырсык менен үч сааттан ашуун убакыт күрөшүп, түнкү саат бирде өчүрүлгөн.