Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдө чыккан өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Михаил РогожинКулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдө өрт. Архив
Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдө өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдө өрт чыкканы тууралуу билдирүү нөөмөт бөлүмүнө кечки саат тогузда келип түшкөн.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы көп кабатуу үйдө чыккан өрт өчүрүлдү. Ал дээрлик төрт саатка созулду.

Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатырын өрт каптады
Жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн эң жогорку кабатында өрт чыкты. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдиргендей, өрт 13 кабаттуу имараттагы пентхауста чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, күндүз аталган кабатта жумушчулар иштеген.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов жана мэрдин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова да келген.

Тилсиз жоо каптаган имарат өрт өчүрүүчү бөлүмдүн жанында жайгашкан. Анын алдын алуу үчүн алты өрт өчүрүүчү унаа келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0