БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы мекеменин жетекчиси Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүүсү тууралуу маалыматты четке какты.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары башкы прокурордун отставкага кете турганын жазып чыгышкан.
"Маалымат чындыкка дал келбейт. Бүгүн да, бир ай мурун да мындай пландар тууралуу сөз болгон эмес", — дешти маалымат кызматтан.
Мекеме Жолдубаева менен байланышууга мүмкүн болгон жок деген божомол да чындыктан алыс экенин кошумчалайт.
Башкы прокурор кадимки режимде иш алып барып, Transparency International уюмунун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча рейтинг маалыматына түшүндүрмө бергени белгиленди.