БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кара-Көл шаарынын 7-январь күнү 44 жаштагы тургуну "Б.М." аттуу атуулга таандык 48 кг. марихуана жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү эки даана сайлуу ок атуучу курал аныкталды. Баңгизат тамактануучу жайлардын биринин ашканасына катылган болчу. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда аталган факт боюнча Кара-Көл ШИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, алынган далил буюумдары соттук-химиялык экспертизага жана балисстикалык экспертизага жөнөтүлдү.