БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Чүй облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу балдардын мектеп-гимназиясында кышкы лагерь ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, лагерь 6-январдан 16-январга чейин иштейт. Мында окуучулар ар кандай тил курстарына катышып, алар үчүн концерттер, түрдүү оюн-зооктор каралган.
Лагерь Бишкектеги корей борборунун колдоосу менен ачылган. Уюм балдардын эс алуусу үчүн интернаттын бир классын толугу менен жабдып, тийиштүү эмерек жана окуу куралдары менен камсыздап берген.