БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Казакстандын Алматы облусунда эки унаанын кагылышуусунан 10 адам көз жумганын РИА Новости облустук ички иштер департаментине таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 6-декабрь күнү Алматы — Актерек — Алга унаа жолунун 138-чакырымында болгон. Анда Benz жана Toyota Windom унаалары кагышып кеткен.
Учурда сотко чейинки иликтөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.