БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы Америкадагы Жорж Вашингтон университетинин кинозалында көрсөтүлгөнүн "Айтыш-фильм" киностудиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, көрсөтүүнү Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги университеттин алдындагы Евразия өлкөлөрүнүн изилдөө институту менен биргеликте уюштурган.
Вашингтондогу кыргызстандыктардын айтымында, тасманы көрүүгө келген эл абдан көп болду. Көрсөтүүнүн алдында уюштуруучулар Кыргызстандагы аял затынын ээлеген бийик орду тууралуу баяндап беришкени маалымдалууда.