Варенье төгүлүп кеткен бакчага жети куткаруучу барып жерди көөмп беришти

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүВаренье. Архив
Варенье. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала бакчага барган куткаруучулар варенье төгүлгөн жерди аарылар көбөйүп кеткендиктен топурак менен көөмп беришкен.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектин Биринчи vай районундагы Абай көчөсүндө жайгашкан №71 балдар бакчасынын аймагына варенье төгүлүп, бал аарылары көбөйүп кеткендигин ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 14-сентябрь күнү саат 15.50дө болгон. Аарылардын көбөйүшүнөн кооптуу абал жаралгандыктан,куткаруучулар чакырылган.

Бала бакчага барган жети куткаруучу варенье төгүлгөн жерди топурак менен көөмп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0