БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Турдакун Усубалиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюла турганын өкмөттөн билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Усубалиев менен коштошуу зыйнаты 9-сентябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында саат 10:00дө болот. Бул элдин көп келишине байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок буга чейин коштошуу зыйнаты Тарых музейинде болорун уюштуруу комитети билдирген.
Турдакун Усубалиевди жерге берүүнү уюштуруу иштерин премьер-министр Темир Сариев жетектейт.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду.