Жаш режиссердун алгачкы толук метраждуу тасмасы дипломдук иш үчүн даярдалган. Кинооператор Георгий Рерберг үчүн да бул дебюттук картина болду. Тасма сынчылардын купулуна толуп, абройлуу эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга ээ болгон.
Башкы ролдогу Наталья Аринбасаровага Венецияда өткөн 27-эл аралык кинофестивалда аялдын мыкты ролун жаратканы үчүн "Вольпи" Кубогу ыйгарылган. Киевде өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда тасма "Советтик экран" журналынын атайы байгесине татыган. Римдеги кинофестивалда "Юпитер Капитолийи" багынтса, Франциянын Йере шаарында өткөн жаш кинематографисттердин эл аралык фестивалында калыстар тобунун атайы байгесине ээ болгон.
Тасмадагы айрым ачык эпизоддору үчүн кезинде Мамлекеттик кино менен СССР Компартиясынын Борбордук комитети узакка талашып, тартышып отуруп, Чыңгыз Айтматов кадыры жана Сергей Михалковдун коргоосунун артында гана экранга чыгууга мүмкүнчүлүк алган.
Башкы ролдорду жаш актерлор Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова жараткан. Ал эми белгилүү чеберлер Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева менен Даркүл Күйүкованын тартылышы тасманын көркүн чыгарып, ийгилигин камсыздаган.

1/19
© Александр Федоров
19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан.

2/19
© Александр Федоров
Жарандык согушту башынан кечирген кызыл армиячы Дүйшөндү комсомол тапшырма менен алыскы айылдардын бирине мугалим кылып жиберет. Болот Бейшеналиев танапис учурунда.

Кыйынчылыктарга карабай Дүйшөн ишинин актыгына ишенип, балдарга болгон билимин берүүгө жан дили менен аракет кылат. Мугалимдин айыл жашоочуларынын алдындагы жалындуу сөзү.

4/19
© Александр Федоров
Дүйшөн кароосуз калган сарайга мектеп уюштурат. Бирок мектепке барыш үчүн чоң суудан өтүү керек.

5/19
© Александр Федоров
Суудан өтмөк куруп жаткан мугалимге Алтынай жардам бермекчи болот.

6/19
© Александр Федоров
Жаш режиссердун алгачкы толук метраждуу тасмасы дипломдук иш үчүн даярдалган. Кинооператор Георгий Рерберг үчүн да дебюттук картина болду. Кончаловский тартуу аянтында.

7/19
© Фото / Александр Федоров
Суук түшүп калган күз айлары жаңы жашоого бөгөт боло албайт эле. Биринчи мугалим балдарды мектепке алып бара жатат.

8/19
© Александр Федоров
Билимге карай жол бир топ кыйынчылыктар менен коштолот — айылдын караңгы эли балдарын мойнунан байлаган иттей болуп мектепке жиберүүдө.

9/19
© Фото / Александр Федоров
Дүйшөн согушка чейин мугалим болуп эмгектенип келген. Согуштан кийин сүйгөн кесибине кайтууга белин бек байлаган.

Өспүрүм кыздын мугалимге болгон аруу сезими сюжеттин башынан аягына чейин көмүскө баяндалат.

11/19
© Александр Федоров
Көшөгө артында. Гример актерлордун боёгун оңдоштурууда.

12/19
© Александр Федоров
Алтынайдын туугандары анын окууга дилгирлигин таптакыр жактырышпайт, андыктан кызды коңшу айылдагы байга токол кылып беришет.

13/19
© Фото / Александр Федоров
Алтынайдын кайтып келиши.

14/19
© Александр Федоров
Дүйшөн Алтынайды алып кетүүдө.

15/19
© Александр Федоров
Кончаловский биринчилерден болуп советтик азиалык тасмаларга ачык эпизоддорду киргизген.

16/19
© Александр Федоров
Алтынайдын ыпластыктан тазаланып, арууланышы.

17/19
© Фото / Александр Федоров
Кайымбайдын ролун жараткан Советбек Жумадылов.

18/19
© Александр Федоров
Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу.

Өрттөлүп кыйраган мектептин ордуна жаңы мектеп салууга Дүйшөн белсене киришет.
